Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:27

Ипотека аркылуу дагы 612 батир ээлерине тапшырылды


Жаңы тапшырылган батирлер. Бишкек. 11-апрель, 2025-жыл.
Жаңы тапшырылган батирлер. Бишкек. 11-апрель, 2025-жыл.

11-апрель күнү Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу курулган дагы 612 батир ээлерине тапшырылды. Батирлерди тапшыруу салтанатына президент Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчы ачкыч тапшыруу алдында сүйлөгөн сөзүндө турак жайга муктаж болгон ар бир адам үйлүү болсо деген кыялын айтып, кубанарын билдирди.

Садыр Жапаров бүгүн үйүнүн ачкычын алгандарды куттуктап, ушундай эле илгери үмүт менен үй-жайлуу болууга зарыгып күтүп жүргөн он миңдеген жаран бар экенин, алардын да үмүт-тилектерин аткарууга мамлекеттин күчү жетерин айтты.

Президенттин сөзүнө караганда, жакынкы күндөрү борбор калаанын "Мурас" комплексинде дагы 600гө чукул батир, Жалал-Абад шаарында 1,5 миңдей батир кезегин күткөн жарандарга тапшырылмакчы.

Мамлекет башчы батирлерди куруп, жарандарды үй-жай менен камсыздоого салым кошуп жаткан Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 80 миллиард сомдон ашканын, дагы бир, эки жылда 100 миллиард сомдон ашарын белгилеп, Кыргызстандагы жападан жалгыз ири капиталга ээ болгон мамлекеттик компанияга айланганын билдирди.

"МИКте бардыгы ачык. Кезекте тургандар кезегин өздөрү онлайн режимде көзөмөлдөп турса болот, ал эми акча каражаты болсо электрондук көзөмөлдө турат. Эч ким уурдай албайт. Уурдаса көрүнүп калат, албетте, эселеп кайтарат", - деди Жапаров.

Президенттин маалымдашынча, 11-апрелде ачкычы колуна тийгендердин жарымы алдын ала төлөмү жок, кезекте туруп, 25 жылдык мөөнөт менен алгандар экенин, калганы батир акчасынын 50 пайызын алдын ала төлөп, калганын 10-15 жылдык мөөнөткө алышты.

МИКтин төрагасы Тилек Жээмбаевдин маалыматына ылайык, ушул тапта Кыргызстан боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында 62 миң батирдин курулушу жүрүп жатат.

Январь айындагы маалымат боюнча, өлкөдө 40 миңден ашуун адам мамлекеттик ипотекага кезекте турат.

Быйыл жыл башында “Менин үйүм 2021-2026” программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыздоого багытталган жарлыкка кол коюлган. Аны чечмелеп Фейсбукка пост жазган президент Садыр Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания жалпы 40 райондо, 32 шаарда жана жети облустун борборунда көп кабатуу үйлөрдү кура баштарын билдирген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG