Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Москвага барды


АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф.
АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф Орусияга барды. Бул тууралуу алгач Axios басылмасы өз булагына жана FlightRadar24 кызматынын маалыматына таянып кабарлады. Кийинчерээк бул маалыматты Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады.

Уиткофф Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу мүмкүн.

"Эгерде Путин Уиткофф менен жолукса, Кремль бул тууралуу маалымат берет", – деп билдирди Песков.

Бул Уиткофф менен Путиндин үчүнчү жолу жолугушуусу болот. Axios басылмасынын булагы билдиргендей, эгерде айдын аягына чейин ок атышууну токтотуу боюнча келишим жетишилбесе, анда президент Трамп Москвага карата кошумча санкцияларды киргизиши мүмкүн.

Март айынын аягында Уиткофф Вашингтондо Орусиянны Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев менен жолукканы кабарланган.

Жолугушуудан кийин Дмитриев Трамптын администрациясынын негизги мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөр болгонун жана эки өлкө ортосундагы диалогду калыбына келтирүү маселеси талкууланганын билдирген.

Анын айтымында, тараптар Арктикадагы кызматташтык, сейрек кездешүүчү металлдар жана Орусия менен АКШнын ортосундагы түз аба каттамдарын жандандыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG