Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына кайрадан сынак жарыялайт. Мындай чечим 9-10-апрель күндөрү Кыргыз улуттук “Манас” театрында өткөн комиссиянын экинчи отурумунда кабыл алынды.
Министрлик 11-апрелде билдиргендей, гимнди өзгөртүү боюнча мекеме аралык комиссия буга чейин сунушталган долбоорлорду угуп чыгып, мазмундук жана көркөм талаптарга толук жооп берген чыгарма табылган жок деген бүтүмгө келди.
Мындан улам сынакты кайрадан жарыялоо жана жобого бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Ага ылайык, биринчи этапта мамлекеттин гимнине жаңы редакциядагы текст тандалып алынат. Экинчи этапта бекитилген текстке музыкалык чыгарманы жаратуу боюнча сынак жарыяланат.
Буга чейинки сынакка катышкан авторлор бул жолку сынакка жаңы долбоор менен катыша алышат.
Комиссия сынакка катыша турган текстте кыргыз элинин тарыхый эс тутуму, маданий мурасы жана өнүгүүгө болгон умтулуусу жана улуттук биримдиги чагылдырылып, камтылышы керектигин билдирүүдө.
7-февралда гимнди өзгөртүү боюнча мекеме аралык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыяланары маалым болгон. Гимндин тексти менен музыкасын иштеп чыгуу жараяны июнь айына чейин уланып, соңунда комиссия Жогорку Кеңешке үч вариантты сунуштай турган болгон.
Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орундарга 250 миң сомдон каражат тапшырылары айтылган.
7-февралдан 20-мартка чейинки аралыкта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ар кандай булактар аркылуу 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш келип түшкөн. Анын ичинен бардык талаптарга жооп берген 165 жарандан 285 долбоор каттоодон өткөн.
Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон. (КЕ)
Шерине