Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Рубио Украинадагы ок атышууну токтотуу жараяны создугуп жатканына нааразылыгын билдирди


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.

АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Украинадагы согушту токтотуу боюнча Францияда өткөн сүйлөшүүлөр аяктап жатканда Европанын жетекчилерине нааразылык билдирди.

Мамлекеттик катчы Марко Рубио 18-апрелде Парижден кетип жатып журналисттердин суроолорго жооп берип жатып ок атышууну токтотуу боюнча жараянды созуунун зарылдыгы жок экенин билдирди.

"Бул аракетти дагы жума, айлап уланта бербейбиз. Бул жакын арада, бир нече күндүн ичинде чечилер-чечилбеси аныкталса жакшы болот. Болбосо, биз башка иштерге көңүл бурабыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо – катышабыз. Болбосо – бизде башка артыкчылыктуу маселелер бар. АКШ акыркы үч жылда Украинага жардам берип келди. Биз бул согуштун бүтүшүн каалайбыз, бирок бул биздин согуш эмес," – деди ал.

Ошентсе да, Рубио Европалык лидерлердин сунуштарын "абдан пайдалуу жана конструктивдүү" деп сыпаттап, аларды процесске активдүү катыша берүүгө чакырды.
"Британия, Франция жана Германия бул маселени алдыга жылдырууга чоң салым кошо алат," – деди ал.

Рубио ошондой эле Париждеги жыйындан кийин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшкөнүн жана ал сүйлөшүү "конструктивдүү" өткөнүн айткан.

Мындан тышкары, Украина 18-апрелде АКШ компанияларына сейрек кездешүүчү минералдар баш болгон кен байлыктарын иштетүү.ү караган келишимдин текстин жарыялады.

Киев менен Вашингтон бул келишим боюнча бир пикирге келүүгө аракет кылып жатышат. Трамптын айтымында, бул келишим согуш учурунда берилген миллиарддаган долларды кайтарып алууга өбөлгө түзөт.

Ал арада Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына, анын ичинде экинчи чоң шаары Харьковго абадан сокку урууну улантып жатат. 18-апрелдин таңындагы ракеталык чабуулдан ондогон адам жараат алды.

Шерине

XS
SM
MD
LG