Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын октябрынан 2025-жылдын март айына чейинки алты айда 853 489,2 тонна күйүүчү майды маркалады. Анын ичинде 396 304,4 тоннасы дизелдик отун, 457 184,8 тоннасы бензин.
Жыйынтыгында аталган аралыкта мунай ташуучулардан мамлекеттик бюджетке салык былтыркы алты айга караганда, 3,3 млрд сомго арбын түшкөн.
Мамлекеттик салык кызматы күйүүчү майды маркалоо системасы анын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө, ошол эле учурда күйүүчү майдын сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилөөдө.
Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү органдар күйүүчү май сатуучу бекеттерде маркеринин бар-жогун да туруктуу текшерүүдө. Натыйжада отунду маркасыз саткан 10 май куюучу жай аныкталган.
2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо жобосу киргизилген.
Ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле 1-январдан тартып жолго төлөнүүчү салык (1 сом) да күйүүчү майдын жана газдын баасына кошулуп алынууда.(ZKo)
Шерине