10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон.
“Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
"Азаттык" тизмедегилердин аты-жөнүн социалдык тармактарда жакынын издеген тайпалардагы маалыматтарга салыштырып, тактады. "Хочу жить" долбоору жарыялаган кыргызстандыктардын тек-жайы ошондой тайпаларда дайынсыз жоголгондордун тизмесинде да бар экенин аныктады.
Тизмедеги кыргызстандык деген 360 адамдын басымдуу бөлүгү Украинадагы согушка 2023-2024-жылы жиберилген. Алардын эң кенжеси 18 жашта, улуусу 63тө.
Украинанын согуш туткундары менен иштеген кеңешинин өкүлү Богдан Охрименконун белгилешинче, орус армиясынын катарында согушкан борборазиялыктардын саны көрсөтүлгөн тизмеден алда канча көп болушу ыктымал.
"Биздин ички булактар аркылуу алган маалыматтарга ылайык, Орусиянын катарында согушкан башка өлкөнүн жарандары көп экенин билебиз. Алардын арасында борборазиялыктар да бар. Бирок, биздин пикирде, бул өлкөлөрдөн согушка катышкан, дайынсыз жоголгон же каза болгондордун саны алда канча көп. Алардын көбү 2024-жылы Украинанын чыгышындагы салгылашууларда каза болгону аныкталды", - деди Охрименко.
"Азаттык" жарыяланган тизмеде согушка Орусиянын абактарынан кеткендер да бар экенин аныктады. Маселен, 35 жаштагы А.Ж.Т 2024-жылдын 5-майында согушка кеткени ошол эле жылдын 20-майында каза болгондугу жазылган. Бул жаран көп жылдан бери Екатеринбург шаарында иштеп, 2022-жылы киши өлтүрүү беренеси менен тогуз жылга кесилгенин аныктадык. Демек, ал түрмөгө түшкөнүнө эки жыл толуп-толбой согушка жөнөтүлгөн.
Кыргызстандын расмий органдары бул тизме боюнча комментарий бере элек. Бирок кыргыз бийлиги Украинадагы согушка нейтралдуу позицияда экенин белгилеп, башка өлкөдөгү куралдуу кагылыштарга катышкан кыргыз жарандары мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертип жүрөт. Украинада согуш башталгандан бери орус күчтөрүнүн катарында согушкан кеминде эки кыргыз жараны сот жообуна тартылган.
Буга чейин кыргыз жарандары Украинадагы согуштун эки тарабында тең согушуп жүргөнү утур кабарланганы менен алардын так саны жана маселенин масштабы белгисиз болуп келген. "Хочу жить" долбоорунун тизмеси согушка катышкан кыргыз жарандары буга чейин маалымат каражаттарында айтылгандан кыйла көп экенин көрсөттү.
"Азаттык" буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.
Соңку бир жылдан ашык убакыт ичинде Украинанын “Хочу жить” долбооруна 100дөн ашуун кыргызстандык согушка кеткен жакынын издеп кайрылган.
Буга чейин Украина Орусия тарапта согушкан казакстандыктардын тизмесин жарыялаган. (AiA/KE)
Шерине