Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

"Ашар" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Алиакбар Каныбек уулу камалды


“Ашар” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Каныбек уулу Алиакбарды милиция кармап, камакка алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы 10-апрелдин кечинде билдирди.

Маалыматка караганда, Каныбек уулу Алиакбар Кыргызстандын президенти жана анын уулу Рустам Жапаровдун атын жамынып, элдин акчасын алдамчылык жолу менен алып жүргөн.

Алгачкы эле тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында 600дөн ашык адамдан, 150 миллион сомго жакын акча чогултуп алгандыгы ырасталган.

Ага каршы Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык ) боюнча кылмыш иши козголду. Ошондой эле 25 жаштагы Каныбек уулу Алиакбар Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалым болду.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттары, сөз болуп жаткан жаран Орозо айында кайрымдуулук кылып, 100 адамга кичи ажылыкка жолдомо бергенин жазышкан.


Шерине

XS
SM
MD
LG