Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 10…15;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус болот.
Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 12…14° болот.
Шерине