Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Чечен бийлиги полицияга кол салды делген жигиттин сөөгүн аянтка алып чыкты


Чеченстан. Иллюстрациялык сүрөт.
Чеченстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга караштуу Чеченстан жумуриятындагы Ачхой-Мартан шааарынын аянтына митингчилер 17 жаштагы жигиттин сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу Кавказ.Реалии басылмасы жазды. Маркумду жергиликтүү бийлик чечен полициячыларына кол салды деп айыптаган.

Маалыматка ылайык, окуя 7-апрель күнү кечинде болгон. Жигит эки полиция кызматкерине бычак менен кол салган. Алардын бири кийин ооруканада каза болгон. Кол салган жигит атып өлтүрүлгөн.

9-апрелде жергиликтүү бийлик Ачхой-Мартандын аянтына мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана жогорку класстын окуучуларын чогулткан. Иш-чарага райондун башчысы Хоза Бурсагов да катышкан.

"Район башчысы бир нерселерди айтып жатты, бирок бардык элдин көңүлү аянтка келген унаадан желим баштыкка оролгон нерсени алып чыгып жаткан тарапка бурулду. Көрсө, ал маркумдун сөөгү экен. Баштык толугу менен кан болуп калган эле. Мен анын ичинен чыгып турган бутту көрүп үрөйүм учту," — деди окуяга күбө болгон мугалимдердин бири "Кавказский узел" басылмасына.

Анын айтымында, иш-чара учурунда бир нече аял эсин жоготуп жыгылган, башкалары чыгып кетүүгө аракет кылышкан, бирок коопсуздук кызматкерлери жана мамлекеттик мекеме жетекчилери эч кимдин чыгып кетишине жол беришкен эмес.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечен лидери Рамзан Кадыровдун сөзүн кайталап, өлтүрүлгөн жигиттин туугандары Чеченстандан чыгарыларын, ал эми алардын мүлкү мамлекетке өткөрүлүп берилерин жарыялашкан.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ачхой-Мартан шаарында өткөн митинг жөнүндө маалыматы жок экенин билдирди. Ал митингде элге 7-апрелде полиция кызматкерлерине кол салгандыгы үчүн атып өлтүрүлгөн жигиттин сөөгү көрсөтүлгөнү тууралуу оппозициялык Телеграм-каналдарда тараган видеолорду ишенимдүү маалымат булагы катары карабай турганын айтты.

Ошол эле маалда адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Ева Меркачева митингди "орто кылымдагы көрүнүш" жана "маданий жактан артка кетүү" деп сыпаттады. Ал "Газета" сайтына курган маегинде бул окуя "мыйзамдарга эч кандай туура келбейт жана келе албайт" деп билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG