Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Доминикан Республикасында клубдун чатыры кулап, 100гө жакын адам каза болду


Доминикан Республикасынын Санто-Доминго шаары.
Доминикан Республикасынын Санто-Доминго шаары.

Доминикан Республикасынын борбору Санто-Домингодо түнкү клубдун чатыры урап түшүп, 98 адам каза болуп, 150дөн ашуун адам жабыркады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Түнкү клубда белгилүү латын ырчысы Рубби Перестин концерти өтүп жаткан маалда имараттын чатыры кулап түшкөн. Анын себеби азырынча белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда, ал учурда клубда миңден ашуун адам болгон.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин жетекчиси Хуан Мануэль Мендес уранды астында калгандарды издөө иштери уланып жатканын билдирди. Анын айтымында, баштапкы төрт саатка созулган издөө иштеринде тирүү киши табылган эмес.

Доминикан Республикасынын президенти Луис Абинадер X социалдык тармагына бардык куткаруу кызматтары жабыркагандарга жардам берүү үчүн иштеп жатканын жазды.

Бийлик тараткан маалыматта жабыркагандардын арасында таанымал адамдар, саясатчылар, спортчулар, музыканттар бар экени айтылат. Концерт койгон ырчы Рубби Перестин кайда экени белгисиз. Соңку маалыматка караганда издөө иштери дагы деле уланып жатат. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG