Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

УКМК мэр Токторбаевдин Ошко кирген автоунаалардан акы алуу демилгесин сынга алды


Жеңишбек Токторбаев.
Жеңишбек Токторбаев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин башка жактан келген автоунааларга Ош шаарына кирүү үчүн акы төлөтүү демилгесин сынга алды.

Коопсуздук кызматы мэрдин демилгеси коомчулукта терс реакция жаратарын билдирди.

"Бардык чыгымдар карапайым жарандардын мойнуна түшөт, айрыкча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн оор болот. Товарларды шаарга жеткирүү кымбаттайт, бизнес бул чыгымдарды керектөөчүлөргө которуусу мүмкүн, калктын анча бай эмес катмары сапардан баш тартууга же сапарга бюджеттин олуттуу бөлүгүн коротууга аргасыз болот. Бул кабыл алынбайт!" - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Атайын кызмат ошондой эле бардык кызмат адамдарын, жергиликтүү бийлик ээлерин бул сыяктуу "туура эмес идеялар жана билдирүүлөр" менен чыкпоого чакырды. Ошондой эле, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жеке пиар-өнөктөштүк менен алектенбей, аймактардагы тургундардын курч көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылды.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев 8-апрель күнү кызматкерлери менен өткөргөн жыйында шаарга сырттан кирген автоунаалардан төлөм алуу максатын билдирген. Ал мындан шаар бюджети жылына болжолдуу 3 млрд сом киреше аларын белгилеген.

Мэрдин бул демилгеси соцтармактарда кызуу талкууланып, нааразылыктарды жараткан. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG