Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Муфтият быйыл ажылык зыярат үчүн виза талап кылынарын эскертти


Кааба. Иллюстрациялык сүрөт.
Кааба. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы 9-апрелде маалымат таратып, Сауд Арабиясынын жаңы талабына ылайык 2025-жылы ажылык зыярат үчүн виза керектелерин билдирди.


"2025-жылдагы ажылык мезгилине даярдык көрүү максатында Мекке шаарына ажылык визасы жок кирүүгө тыюу салынат".

Муфтият ошондой эле Сауд Арабиясына сапар тарткан жарандарды ал өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырды.


Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги 2025-жылдагы ажылык үчүн Кыргызстанга 6 миң квота бөлгөн.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ажылык сапарга бара тургандарга бир катар медициналык талаптарды койгон. Ага ылайык, гемодиализ алып жаткандар, өнөкөт өпкө оорусу барлар, боор циррозуна кабылгандар, химиотерапия алып жаткандарга ажылыкка барууга уруксат берилбейт. Бул тизмеге кургак учук сыяктуу жугуштуу ооруларга кабылгандар, өз алдынча кыймылдай албагандар да кошулган.

Сауд Арабиясы 2024-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлгөн. Ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG