Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

Бээжин аскерлерин Украинадагы согушка жөнөтпөгөнүн билдирди


Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь.

9-апрелде Бээжиндин өкүлү Кытай өз аскерлерин Украинадагы согушка катышууга жибербегенин билдирди.

"Кытай өкмөтү ар дайым өз жарандарынан [Украинадагы] куралдуу кагылышуудан оолак болууну, кийлигишпөөнү, атап айтканда, эки тараптын тең аскердик операцияларына катышпоону талап кылып келет", - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь журналисттер менен болгон брифингде.

Шейшембиде Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда Кытайдын эки аскери туткунга алынганын билдирген. Ал бул аскерлер жалданма жоокерлер болгон-болбогонун же Түндүк Кореянын аскерлериндей эле кандайдыр бир эки тараптуу келишимдин негизинде Украинанын аймагына киришкен-киришпегенин так айткан эмес.

Расмий түрдө Кытай Украинадагы согушта эч бир тарапты ачык колдогон эмес жана Орусия менен да, Украина менен да соода байланышын улантып келет.

Бирок Бээжиндин “тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү керек” деген билдирүүлөрү көбүнесе Кремлдин согуш тууралуу билдирүүлөрүнө үндөш келерин байкоочулар белгилешет.

2025-жылдын февраль айындагы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иликтөөсүндө чет элдик согушкерлердин, анын ичинде кытай жарандарынын орус армиясында кызмат өтөгөнү тууралуу кабарланган. Журналисттер иликтеген тизмеде 36 жаштагы Кытайдын жараны Вэй Дуан да болгон. Ал Кытайдын жараны экенин жана Украинадагы согушка катышканын ырастап, бирок чоо-жайын айтуудан баш тарткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG