Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Акыйкатчы шектүүлөрдүн бөгөт чарасын кароодо камакка алуу көп тандалып жатканын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева тергөө органдарын жана сот бийлигин шектүүлөрдүн бөгөт чарасын аныктоодо эл аралык милдеттенмелерди так сактоого чакырды.

Омбудсмендин мындай кайрылуусун 9-апрелде маалымат кызматы таратты.

Анда акыйкатчы 2024-жылы бөгөт чарасынын камакка алуу түрү көп колдонуп жаткандыгына арыздангандар арбын болгонун белгилеген:

“Алсак, 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган кылмышка айыпталып жаткан адамга башка, кыйла жеңил бөгөт коюу чарасы мүмкүн болбогондо гана камакка алынат. Бирок, иш жүзүндө камакка алуу өтүнүчтөрүнүн көбү сот тарабынан канааттандырылганы кооптонууну жаратат", - дейт акыйкатчы.

Омбудсмендин маалыматына караганда, тергөө органдары 2021-жылы сотко бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө 8354 өтүнүч беришкен. Алардын 83,4% иш тууралуу камакка алуу сунушталса, соттун канааттандыруусу 87,1% түзгөн.

2024-жылы тергөөчүлөр 93,5% иш боюнча камакка алууну өтүнүшкөн.

Жамиля Жаманбаева сот органдарын тергөө органдарынын өтүнүчтөрүн кароодо Токио эрежелеринин жоболорун жана Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын эске алууга жана өзгөчө учурларда гана эркинен ажыратуу жазасын колдонууга үндөдү.

Бир катар адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар Кыргызстанды 2024-жылдын жыйынтыктары менен “эркин эмес” мамлекеттердин катарында таанышкан.


Freedom House (FH) эл аралык уюму Кыргызстандын рейтинги "өкмөт тараптан социалдык түйүндөрдө өз пикирин билдирген адамдарга карата куугунтуктоосу жана өлкөдө өзүн өзү чектөөнүн күчөшүнөн улам" төмөндөгөнүн билдирген.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG