Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 65 жаштагы Виктор Майко дайындалды. Ал буга чейин Түркмөнстанда элчи болгон. Украинанын президенти Владимир Зеленский жаңы элчини 7-апрелде дайындаганы кабарланды.
Майко Украинанын тышкы иштер министринин кеңешчиси, орун басары, Ооганстандагы элчиси болуп да иштеген.
Ал Казакстанда эки жарым жыл мурун дипломатиялык жаңжалдан кийин чакыртылган Петр Врублевскийдин ордуна келди.
Пётр Врублевский Украинанын Казакстандагы элчиси болуп 2020-жылдын декабрынан тартып 2022-октябрына чейин иштеген.
2022-жылдын август айында кремлчил жалпыга маалымдоо каражаттары элчинин интервьюсунан үзүндүнү жайылтышкан. Анда элчи Орусиянын Украинага кол салуусу тууралуу айтып жатып «Аларды болушунча көбүрөөк өлтүргөнгө аракет кылып жатабыз. Орустарды азыр биз канчалык көп өлтүрсөк, биздин балдарыбыз аларды ошончолук азыраак өлтүрүүгө мажбур болушат», - деп айткан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин реакциясынан кийин расмий Астана буга нааразылык билдирген, кийинчерээк Пётр Врублевский «айткан сөзү үчүн кечирим сураганын» кабарлаган.
Ошол жылдын октябрь айында украин президенти Владимир Зеленский аны кызматтан бошоткон.
Былтыр Орусияда Врублевскийге издөө жарыяланып, сыртынан камакка алуу тууралуу чечим чыккан. (AiA)
Шерине