9-апрелге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын Днепр аймагына учкучсуз учактар менен чабуул койгонун Днепропетровск облусунун губернатору Сергей Лысак билдирди. Анын айтканына караганда, 15 адам жабыркап, сегиз адам ооруканага жаткырылды. Шаарда дрон чабулуунун кесепетинен үйлөр жабыркады.
Шаршембиге караган түнү Харьков жана Краматорск шаары да чабуулга туш болду. Маалыматка караганда, Харьковдо эки адам жабыркады. Шаардын Основянский районунда бир нече жарандык имаратта өрт тутанды. Индустриальный районунда кампа күйүп, Киев районунда үйлөр зыянга учурады.
Краматорск шаарында 11 жаштагы өспүрүм кыз менен апасы, чоң энеси жабыркаганы кабарланды.
Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип жүрөт.
9-апрелге караган түнү Орусиянын тогуз аймагы дрон чабуулуна туш болгону маалымдалды. Орусиянын Коргоо министрлиги 158 дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, алардын 67си Краснодар аймагынан, 29у Ростов облусунун үстүнөн, 15и Түндүк Осетияда жок кылынды. Министрлик түнкү чабуулга Воронеж, Курск облустары жана аннексияланган Крым туш болгонун кошумчалады. Жабыркагандар тууралуу кабарланган жок.
Владикавказ, Волгоград жана Грозный аэропортторунда каттамдарга убактылуу чектөө киргизилди.
Мындан тышкары эки аймакта аскердик аэродромдор бутага алынганы кабарланууда. Украинадан миң чакырым алыстыкта жайгашкан Оренбург облусунда абадан коргонуу күчтөрү аскердик аэродромго жасалган учкучсуз учактын чабуулунун мизи кайтарылганын облус губернаторунун милдетин аткаруучу Евгений Солнцев билдирди. Экинчи аэродром Түндүк Осетиянын аймагында экени айтылды. (AiA)
Шерине