Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:44

Путин армияга жазгы чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин 1-апрелден 15-июлга чейин аскердик кызматка жазгы чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

Бул жараяндын алкаганда 2025-жылдын жазында 160 миң жаран армияга (өткөн жылга салыштырмалуу 10 миңге көп) алынары күтүлүүдө.

Орусияда 2024-жылдан тарта армияга 18 жаштан 30 жашка чейинки жарандар чакырылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскерге жаңы алынгандар Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье облустарындагы же Орусия оккупациялаган аймактардагы куралдуу күчтөрдүн аскердик бөлүктөрүнө жөнөтүлбөй турганын билдирди.

Аскерге чакыруу жөнүндө билдирүү кагаз түрүндө же электрондук чакыруу Мамлекеттик кызмат көрсөтүү порталы аркылуу жарандын жеке кабинетине жөнөтүлөт.

Электрондук чакыруу кагазы жиберилгенден жети күндөн кийин тапшырылды деп эсептелет.

Президент Путин 2024-жылдын сентябрында орус армиясынын санын 1 миллион 500 миң кишиге жеткирген. 2022-жылдын февралында армиядагы аскерлердин саны 1 миллион 13 миң киши болсо, 2022-жылдын августунда 1 миллион 150 миңге, 2023-жылы декабрда 1 миллион 320 миңге чейин көбөйгөн. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG