Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:44

Орусия согуш кылмыштары тууралуу жазган журналисттерди сыртынан соттоду


Роман Анин
Роман Анин

Москва шаарынын соту "Важные истории" басылмасынын редактору Роман Анинди сегиз жарым жылга эркинен ажыраткан өкүмдү сыртынан чыгарды. Ушундай эле өкүм "Дождь" телаканалынын журналисти Екатерина Фоминага чыкты.

Эки журналист тең "Орусиянын армиясы тууралуу фейк маалымат тараткан" деген берене менен күнөөлүү деп табылды.

Маалыматка караганда, кылмыш ишинин козголушуна "Важные история" басылмасынын Бучадагы кыргын маалында үй-бүлөсү менен байланышкан орусиялык аскерлер тууралуу материалы себеп болгон. Бул материал текст жана видео түрүндө жарыяланган. Журналисттер Бучада орусиялык аскерлер жакындарына чалган телефонду таап, ал аркылуу туугандары менен сүйлөшкөн.

Москва соту басылманын Украинадагы согуш тууралуу жарыялаган дагы эки видеосун "фейк" деп тапкан.

Sota Vision телеграмм каналы сот залынан жарыялаган маалыматта журналисттердин адвокаты алардын аракеттеринде эч кандай кылмыш жок экенин баса белгилеп, "фейк" деген Конституцияга каршы келерин белгилеген.

"Важные истории" басылмасы, Роман Анин өзү да Орусиянын Юстиция министрлиги тарабынан "чет элдик агент" деп табылган. Өткөн жылдын июнь айында Орусиянын Ички иштер министрлиги Фомина менен Анинге издөө жарыялаган.

Фомина өзүнүн журналисттик ишине эч кандай мыйзам бузбаганын жана согуштагы кылмыштуулук, укук темасында материалдарды жарыялоону улантарын билдирген.

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору Орусияда 2012-жылы күчүнө кирген.

Бирок бул мыйзамды орус бийлиги журналисттерге, активисттерге, укук коргоочуларга каршы көп колдонуп жүргөнү маалым. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG