Шопоков, Кемин жана Талас шаарларында суу эсептегичтер орнотулуп, тариф 30-40% көтөрүлөт.
Бул тууралуу 31-мартта Жогорку Кеңештин комитетинде Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен гранттык макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоору каралып жатканда белгилүү болду.
Өкмөттүн маалыматында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган үч калаанын калкын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо иштерине 17 млн евро бөлүүдө.
Айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевдин белгилешинче, каражаттын 7,6 млн евро насыя болсо, калганы грант. Төрт жылга жеңилдетилген шарт менен 15 жылга берилчү насыянын пайыздык чени 1%.
"Кемин шаарындагы 9,7 миң жаранды камсыздоо үчүн 4 млн евро бөлүнүүдө. Анын 2 млн насыя, 2 млн евро грант. Шопоковго 9,5 миң жаранды суу менен камсыздоого 4 млн евро бөлүнөт. 2 млн евро насыя, 2 млн евро грант. Талас шаарына 7,2 млн евро бөлүнөт. 3,6 млн евро насыя, 3,6 млн евро грант", - деди Керималиев.
Үч шаар республикалык дотациядан чыккандыктан, насыянын үстөгүн жергиликтүү бийлик өзү төлөөгө тийиш.
Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында калаа башчылары банк менен келишимге ылайык, бардык кожолукка суу эсептегичтери орнотулуп, тариф көтөрүлөрүн айтышты.
"Төрт жыл ичинде тариф 30-40% кымбаттайт. Бул Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен келишимде так жазылган. Азыр Кемин шаарынын тургундары киши башына 61 сомдон төлөйт. Кымбаттаса, 90-100 сомго чейин барып калат", - деди Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдувалиев.
Талас шаарынын мэри Байышбек Асанакунов 11 километр канализация түтүгү орнотулуп, тазалоочу жабдыктар толугу менен реконструкция болорун билдирди. 2024-жылдан баштап шаар бийлиги банктан каражат алып, суунун тарифин көтөргөн. Учурда тургундар киши башына 40, саркынды сууга 59 сомдон төлөп жатат.
Шопоков шаарында суу үчүн киши башына 68 сомдон чогултулат. Мэр Нурадил Станов суунун бир кубу азыр 12 сом болсо, долбоор ишке кирип, эсептегич орнотулгандан кийин 16 сомго кымбаттарын айтты.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен гранттык макулдашууну ратификациялоо мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги буга чейин Кыргызстандагы 960 айылга таза суу жеткирүү үчүн 1 млрд доллар керек экенин билдирген. Кыргыз өкмөтү акыркы жылдары аймактарда таза суунун тарифин көтөрүү керектигин айтып келет. (ST)
Шерине