Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:08

Быйыл мектепке каттоо "Түндүк" тиркемеси аркылуу жүрөт


Мектепке бара турган балдарды мындан ары "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу каттатса болот. Бул тууралуу Санарип өнүктүрүү жана Билим берүү министрликтери кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул кызмат арыз берүү процессин жеңилдетип, ата-энелерге баласын чөнтөк телефону аркылуу бир нече мүнөттүн ичинде каттоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Каттоо эки этаптан турат. Биринчиси 2025-жылдын 2-июнунда башталат. Анда мектепке жазыруу ата-эненин каттоодо турган дареги менен жүрөт.

Арыз берүү үчүн "Түндүк" тиркемесин ачып, тизмедеги баланы тандайсыз. Андан кийин система сунуштаган мектепти, окуу тилин жана мектептин билим берүү мекемесин тандап, өзү тууралуу маалыматтарды (телефон номерин, электрондук почтаны) киргизип, "Мектепке жаздыруу" деген кнопканы басуу керек.

Сунуш кылынган мектептер туура келбесе, баш тартып жана себебин көргөзүү зарыл. Мындай учурда арыз экинчи этапка өтөт. Аны кабыл алуу 2-июндан 15-августка чейин жүрөт.

Ата-энелер тиркемеден бош орундар калган мектепти караштырат. 1-класска бара турган баланы тизмеден таап, облус, район же шаарды көрсөтүп, тизмедеги жеткиликтүү мектепти жана окутуу тилин тандоо жетиштүү.

Мектепке байланыштуу консультация алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигине 110 номери аркылуу байланышып же аталган мекеменин расмий сайтынан толук маалымат алса болот.

Балдарды мектепке каттоо үчүн MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк же болбосо 1mektep.edu.gov.kg тиркемелерин да колдонсо болот. Баланын жарандык күбөлүгү башка өлкөдөн алынган учурда Калкка кызмат көрсөтүү борборуна (ЦОН) кайрылуу зарыл.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаеванын билдиришинче, 2025-жылы Кыргызстан боюнча 250 миң бала мектепке барат. Анын 151,7 миңдейи биринчи, калганы экинчи класстын окуучулары. (ST)






Шерине

XS
SM
MD
LG