Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:17

Илон Маск X социалдык тармагын өзүнүн xAI компаниясына 33 млрд долларга сатты


Илон Маск.
Илон Маск.

Америкалык миллиардер Илон Маск өзүнүн жасалма интеллект багытында технологияларды иштеп чыккан xAI компаниясы Х социалдык тармагын 33 млрд долларга сатып алганын билдирди. Анын айтымында, бул келишимден кийин xAI компаниясынын баасы 80 млрд долларды түзөт.

“xAI жана Xтин келечеги бири-бири менен тыгыз байланышта”, - деп жазды Маск.

Reuters агенттигинин жазганына караганда, xAI менен X'тин өкүлдөрү келишим тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. Агенттик бул операциянын чоо-жайы, тактап айтканда, инвесторлорго төлөп берүү механизми жана жаңы түзүмдө Х жетекчилигинин макамы кандай болору азырынча белгисиз экенин жазды.

Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда, биргелешкен түзүм XAI Holdings деген аталыш алды.

Анын жалпы баасы карызды эсепке албаганда 100 миллиард доллардан ашат. Келишимге каржылык кеңешчи катары Morgan Stanley конгломераты катышкан.

xAI компаниясынын инвесторлорунун бири Reuters агенттигине билдиргенине караганда, Маск алар менен сатуу тууралуу кеңешкен эмес. Миллиардер компаниялар буга чейин тыгыз кызматташып жатканын жана интеграция xAI иштеп чыккан Grok жасалма интеллект системасын өнүктүрүүнү тездете турганын белгилеген.

Tesla жана SpaceX сыяктуу компаниялардын негиздөөчүсү Илон Маск Twitter'ди 2022-жылдын күзүндө 44 миллиард долларга сатып алган. 2023-жылдын мартында Маск компаниянын юридикалык аталышын X Corp деп өзгөрткөн.

Twitter социалдык түйүнү көгүш чымчык элесиндеги логотибин кара фондогу ак X белгисине өзгөрткөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG