Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

ЮНЕСКОдо Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы айтылды


Кыргызстан
Кыргызстан

Кыргыз делегациясы ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында тоолорду туруктуу өнүктүрүү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча беш жылдык пландын максаттары жана иш-чаралары жөнүндө презентация жасады.

Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.

ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында (Франция) 20-21-мартта Мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жылдын алкагында Мөңгүлөрдүн биринчи бүткүл дүйнөлүк күнүнө жана Суу күнүнө арналган иш-чаралар өткөн. Анда илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү, тажрыйба жана билим менен алмашуу, технологиялар, социалдык-экономикалык маселелер, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын суу ресурстарына, туруктуу өнүгүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизген терс таасири талкууланган.

Мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн финансылык каражат топтоо жана саясий чечимдер боюнча маселелер каралган.

Ага президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген делегация барган.

Кемелова Кыргызстандын дүйнөлүк тоо демилгелери, Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын алкагында пландалган иш-чаралар тууралуу айтып берген.

Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты кыскарып жатканын, бул климаттын өзгөрүшү өлкөгө кандай таасир берип жаткандыгын көрсөтөрүн жана тез арада чара көрүү зарыл экендигин далилдерин белгилеген. Ал катышуучуларды 24-25-апрелде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” аттуу эл аралык конференцияга чакырган.

Иш-чаранын расмий ачылышына ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Франциянын экология министри Аньес Панье-Рюнаше, Кыргызстан, Тажикстан, Италия, Чили жана башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын делегациялары катышкан.

Динара Кемелова жана Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директорунун орун басары Лидия Брито менен жолугушкан. Кемелова мындан тышкары Франциянын президентинин атайын өкүлү Оливье Пуавр менен жолугушканы белгилүү болду.

Жолугушууда мөңгүлөрдү сактоо, эрте эскертүү системасын киргизүү, Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана маданий мурастарын сактоо, Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын алкагында тоолор боюнча илимий жана билим берүү конференцияларын биргеликте өткөрүү долбоорлору талкууланган.

Окумуштуулардын белгилешинче, Тянь-Шань тоолорунда жана Борбор Азиянын ысыгыраак аймактарында абанын табы 1-3 градуска көтөрүлгөн. Айрым жерлердеги ысык 3 градустан да өтөт. Бул деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикке чейинки жерлердеги мөңгүлөрдүн эришине себеп болууда. Акыркы 50-70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты 1262 чакырым чарчыга же жалпы аянттын 16% кыскарган.

Мөңгүлөрдүн эришинен улам Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2024-жылы Бакуда өткөн жыйында эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүндөгү эң аялуу болгон тоолуу өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырган.







Шерине

XS
SM
MD
LG