Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Кремль Путин менен Трамптын ортосундагы байланыштар тууралуу маалымат берди


Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШ жана Орусиянын лидерлеринин 18-марттагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков маалымат берди.

Песков президенттердин сүйлөшүүсү тууралуу Орусиянын "Россия" федералдык телеканалынын алып баруучусу Павел Зарубин менен болгон маегинде айтып берди.

"Жолугушуу туура даярдалышы керектиги турган иш. Ошондуктан, адегенде сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү керек. Дүйшөмбү күнү биздин делегаттар бул татаал процессти баштоо үчүн Эр-Риядга барышат", - деди Песков.
Дмитрий Песковдун маегинин үзүндүсү журналисттин Телеграм-каналына жарыяланды.

Маекте Кремлдин өкүлү 20-январда Дональд Трамптын президенттик кызматка киришүү аземинен кийин Путин менен Ак үйдүн башчысы эки жолудан кем эмес сүйлөшкөнүн четке каккан жок. Расмий түрдө лидерлердин эки гана телефон байланышы кабарланган.

"Биз сиздерге биз билген сүйлөшүүлөр тууралуу айтып жатабыз, бирок калганын жокко чыгара албайбыз", - деди Песков.

Bloomberg агенттиги жекшембиде өз булактарына таянып, АКШ Орусия менен Украинанын ортосунда 20-апрелге чейин ок атышууну токтотуу келишимине жетишүүгө үмүттөнүп жатканын жазды. Бул күнү православдар да, католиктер да Пасханы майрамдайт. Бирок тараптардын ортосундагы чоң пикир келишпестиктерден улам мөөнөттөр өзгөрүшү мүмкүн деп айтылат басылма жазган макалада.

Bloomberg белгилегендей, Орусия Украинага курал-жарак жеткирүүнү токтотуу сыяктуу келишимде эске алына турган өз шарттарын койгон. Басылманын булактары Ак үй азырынча андай шарттарга макул боло электигин айтышты. Маалымат булактарынын айтымында, АКШ президенти Трамп Киевдин кызыкчылыгын эске алып, Орусияга ашыкча моюн сунууга даяр эмес.

"Европалык саясатчылар Трамп тынчтыкка чакырган келишимде Украинанын кызыкчылыктарын эске албай, аны Орусиянын келечектеги чабуулдарында алсыз кыла турган шарттарга макул болушуна алып келет деп кооптонушат", - деп жазды Bloomberg.

Украина жана Орусия делегацияларынын Сауд Арабиядагы АКШ өкүлдөрү менен өзүнчө сүйлөшүүлөрү 24-мартта боло турганы жарыяланды. Сүйлөшүүлөрдө 30 күндүк ок атышпоо келишимин ишке ашыруунун деталдары талкууланары кабарланган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 18-мартта Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүдө ок атышууну толук токтотууга жетишүү кадамы катары Украинанын энергетикалык секторуна жана инфраструктурасына сокку урууну 30 күнгө токтотууга макул болгон.

Трамп менен украин президенти Зеленский 19-мартта телефондон сүйлөшүп, Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу үчүн чогуу иштешүүгө макулдашты. Ак үй бул сүйлөшүүнү "фантастикалык" деп мүнөздөдү. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG