Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:07

Бишкекте жол куруу иштерине 4,5 млрд сом бөлүндү


Айбек Жунушалиев жана Садыр Жапаров. 25-март, 2025-жыл.
Айбек Жунушалиев жана Садыр Жапаров. 25-март, 2025-жыл.

Бишкекте автоунаа жолдоруна байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга 4,5 млрд сом жана таштандыларды иргөө системасын өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 25-мартта Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевди кабыл алганда белгилүү болгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мэр 2025-жылга жалпы узундугу 42 чакырымды түзгөн сегиз негизги жолду реконструкциялоо пландалганын айтты. Муну менен катар “Манас” эл аралык аэропортуна баруучу жолду реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт, буга катар эле төрт жаңы автожол, Аламүдүн дарыясынан өтүүчү үч көпүрө курулат. Ошондой эле 250 заманбап автобус алуу пландалууда.


Айбек Жунушалиев 2024-жылдын июнь айында борбордо 416 миң 837 автоунаа катталганын, мындан сырткары кирди-чыкты машинелерди эске алганда Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт кирип жатканын айткан. Мэр ошол эле маалда калаанын жол өткөрүү жөндөмдүүлүгү 350 миң автоунаага эсептелгенин, жол тыгынын чечүү аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Акыркы жылдары Бишкекте жол тыгын негизги көйгөйлөрдүн бирине айланды. Адамдар эртели-кеч сааттап жол тыгынында калганын айтып арызданышууда. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG