Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова дагы бир берене боюнча айыпталууда. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Мамыркуловага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Улут аралык кастыкты козутуу") негизинде да айып тагылары сурак алдында айтылды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков “Азаттыкка” билдирди.
Бүгүн 22-мартта Мамыркулованын бөгөт чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда каралат. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов Фейсбук баракчасына жазды.
Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери анын үйүнө сатып алуучу кардар катары барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан.
Бишкек шаардык милициясы журналист Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганын билдирди.
ИИМ соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыкканын кошумчалаган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын кабарлаган.
21-мартта өлкөдөгү укук коргоочулар, активисттер, журналисттер президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. Кайрылууда журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келери айтылган. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда экени да белгиленген.
49 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” укуктук гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. (КЕ)
Шерине