Теги кыргызстандык миллиардер Александр Машкевич 72 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу ал ээлик кылган Eurasian Resources Group компаниясы кабарлады. Маалыматка караганда, Машкевич 22-мартта узакка созулган оорудан улам каза болду.
Александр Машкевич Бишкек шаарында туулуп, Улуттук университеттин филология факультетин бүтүргөн. Психология жана философия илимдери боюнча кандидаттык диссертация жактап, педагогикалык институтта декандык орунга чейин жеткен.
Кийин Машкевич “Кумтөр” боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн атактуу Борис Бирштейндин “Сиабеко” компаниясы менен кызматташып жүрүп, Казакстанда ири ишкер долбоорлорду баштаган. Ал Израилдин жарандыгын алган.
Машкевич Потах Шодиев, Алижан Ибрагимович менен биргеликте Eurasian Resources Group (ERG) компаниялар тобуна ээлик кылган.
Бул ишканага “Казхром", Соколов-Сарбай тоо-кен ишканасы, “Казакстан алюминийи” сыяктуу бир нече компания кирген.
Дүйнө байларын тизмектеген Forbes журналынын 2023-жылдагы эсебинде Машкевич Казакстандагы байлардын бешинчи сабында орун алган. Анын байлыгы 3,7 миллиард долларга бааланган.
Теги кыргызстандык миллиардер Александр Машкевич дүйнө салды

Дагы караңыз
Шерине