Майрамдык шаң, чет элдик студенттердин бийи. Бишкек, Оштогу Нооруз

Оштун башкы аянтындагы Нооруз. Улуттук кийимчен кыздар

Ош шаарынын башкы аянтындагы Нооруз майрамы. Концерттик иш-чара

Ошто майрам быйыл президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өттү. Президент куттуктоо сөзүндө кыргыз-тажик чек ара келишимине токтолуп, аны "чоң жетишкендик" катары айтты.
“Тажикстан менен 1924-жылдан бери, бир кылым бою чечилбей келаткан чек ара маселесине түбөлүккө чекит койдук. Төрт жылдын ичинде чек араны ой-чуңкурунан бери жакшы билген адистер менен бел чечпей иштешип, “жети өлчөп, бир кесип”, бир айылдын эмес, бүтүндөй бир мамлекеттин кызыкчылыгы деп олтуруп, акыры жөнгө салууга жетиштик. Албетте, ата-бабаларыбыздан бери медер тутуп, мекендеген айрым жерлерибизди алмашуу оңойго турган жок. Ошентсе да эки мамлекеттин чек араны тактоо боюнча өкүлдөрү эки жактын кызыкчылыктарын ортого салып, талашып-тартышып, кызыл чеке болуп олтуруп, акыры кыргыз-тажик чек ара сызыгы такталып бүттү. Чек араларыбыздын толук такталышы Кыргызстандын көз карандысыздыгы менен бүтүндүгүнүн чыңдалгандыгын айгинелеп турат”, - деди куттуктоо сөзүндө президент.

Ош, 21-март, 2025-жыл

Ар кайсы улуттун өкүлдөрү улуттук даамдарын даярдап, тасмал жайып майрамдап жатышат. Бул жолку Нооруз майрамы мусулмандар үчүн ыйык саналган Орозо айына туура келди. Ошого карабастан таң атпай өлкөнүн бардык аймактарында майрамдык шаң байкалууда. 21-март, 2025-жыл. Ош

Ош шаарынын башкы аянты

Театрлаштырылган көрсөтүү Нооруздун тарых-таржымалын баяндайт. 21-март, 2025-жыл. Ош

Башкы аянттагы балдар. 21-жыл, 2025. Ош

1990-жылдардан тарта Борбор Азиянын эгемендик алган мамлекеттери Нооруз майрамы шаң-салтанат менен белгилеп баштаган. Ага чейин ырым-жырымдарга ишенүү катары тыюу салынып келген.

Ош, 21-март, 2025-жыл. Индия, Пакистандан келип окуган студенттер майрамга карата өздөрүнүн бийлерин тартуулап, тамак-аштарын даярдап келишкен. Мындан тышкары Ошту байырлаган башка улуттун өкүлдөрү да майрамга катышты.

Ош шаары, 21-март, 2025-жыл.
Нооруз сөзү перс тилинин “ноу” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрам Ирандан чыккан. Кыргыздарда бул күнү сүмөлөк, көжө сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштар жасалат, конок күтүлөт, “аластоо”, жыл ажыратуу сыяктуу ырым-жырымдар жасалып келет.

Кыргызстандын желеги

Өзүн-өзү сүрөткө тартып жаткан бийкеч. Ош, 21-март, 2025

Нооруз бүгүн Кыргызстандын жер-жерлеринде да белгиленүүдө. Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган пролог менен башталды.

Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрам концерт менен коштолду.

Бишкек. 21-март, 2025-жыл. Ноорузда жөрөлгө болуп калган "аластоо" учуру.

Бишкек, 21-март, 2025-жыл .


Нооруз Бишкекте быйыл эски аянтта өтүп, кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулду. Концерттин көрүүчүлөрүндө сүмөлөк да таратылды.

Шерине