Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:44

Польшанын мурдагы коргоо министри "Орусиядан коргонуу планын ачыкка чыгарган" деп айыпталууда


Мариуш Блащак.
Мариуш Блащак.

Польшанын мурдагы коргоо министри Мариуш Блащак 2023-жылы Варшаванын Орусияга каршы коргонуу планын ачыкка чыгарган деп шектелүүдө. Прокуратура аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап жатат.

Ошол кезде министр болуп турган Блащак парламенттик шайлоонун алдында “Варта-00101” деп аталган документтин фрагменттерин ачыкка чыгарган. Ал ошол учурда оппозицияда болгон мурдагы өкмөттүн мүчөлөрүн аскерий жеңилүүгө даярданган деп айыптаган. Коргонуу планынын этаптарынын биринде эгер Орусия бастырып кирсе Польшанын армиясы Висланын сол жактагы батыш жээгине чегине турганы болжолдонгон.

Прокуратура коргонуу планынан жашыруун грифти алып салуу мыйзамсыз болгон деп эсептейт. “Мындай документтер менен өлкөдөгү айрым адамдар гана тааныша алат”,- деп белгиледи RMF FM радиосу. Айыптоочу тарап планды ачыкка чыгаруу Башкы штабдын уруксаты менен гана болорун белгилөөдө.

Ал учурда коргонуу планы Аскердик-тарыхый бюродо сакталып турган. Блащактын жактоочусу документ архивден чыгарылгандыктан ошол кезде жашыруун болбой калганын билдирди.

6-мартта Блащак депутаттык кол тийбестиктен ажыратылган. Ал тагылган күнөөнү четке кагып, Дональд Тусктун өкмөтүнүн саясий куугунтугуна алынганын билдирген. “Кандай гана режим болбосун, бир күн ал кулайт, Тусктун режими дагы”, - деди ал TVN24 каналына.

Шерине

XS
SM
MD
LG