21-мартта Израилдин коргоо министри Газа тилкесиндеги аскерлерине аймакка тереңирээк кирүүгө буйрук бергенин жарыялап, ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) барымтасындагы туткундар бошотулганга чейин анклавды көзөмөлгө алып турууну тапшырды.
Жума күнү Газадагы кырдаал боюнча коргоо министри Иcраэл Кац операциялар “ХАМАС туткундарды бошотконго чейин улам күчөй берет” деп билдирди.
Стратегиялык мааниге ээ болгон Нетзарим коридорунун бир бөлүгүн кайра көзөмөлгө алгандан кийин, Израил аскерлери бейшемби күнү Газанын түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарына жана түштүктөгү Рафа шаарына багыт алышты.
Израил армиясы 18-мартта Газадагы аскердик операциясын жандантып, абадан сокку ура баштагандан бери 600 палестин набыт болгонун аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Эки тарап ортосунда АКШ, Катар жана Египеттин ортомчулугу менен жыл башында ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүлүп, ал 19-январда күчүнө кирген. Үч баскычтан турган ал макулдашуу узак мөөнөттүү согуштук аракеттерди токтотууга, Израил аскерлеринин Газадан толугу менен чыгышына жана ХАМАСтын барымтасындагы бардык туткундарды бошотууга багытталган эле.
Биринчи баскычында ХАМАС 25 туткунду тирүү жана сегиз адамдын сөөгүн кайтарган. Анын ордуна, Израил дээрлик 1800 палестиналыкты түрмөдөн бошоткон. Израилдик аскерлер Газадагы нейтралдуу аймактарга чейин артка чегинип, жүз миңдеген жер которгон палестиндер Газанын түндүгүнө кайтып келишкен.
Эки тарап келишимди узартуу боюнча орток пикир таба албай келишет.
Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча Израилдин Газадагы аскердик операциясынан 48 миңден ашык адам каза болгон.
Израил билдиргендей, 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын кол салуусунан 1200дөй адамдын өмүрү кыйылып, согушкерлер 250дөй кишини барымтага алган.
Шерине