Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Тажикстандын президенти Ноорузга карата 900дөй адамга мунапыс берди


Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткандар.
Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткандар.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20-мартта 900гө жакын айыпталуучуга мунапыс берүү жөнүндө жарлыкка кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди.

”Нооруз эл аралык майрамына жана гумандуулук принциптерине байланыштуу эркинен ажыратылган 897 адамды кечирип, аларды мындан аркы жазасын өтөөдөн бошотууга буйрук кылам», – деп айтылат документтин текстинде.

Жарлыкка ылайык, мунапыска илингендердин арасында жеңил, орто жана оор кылмыш жасаган, учурда жазасын өтөп жаткандар бар.

Буга чейин Эмомали Рахмон 2020-жылы, кезектеги президенттик мөөнөткө кайра шайлангандан кийин, 400гө жакын соттолгон адамды кечирген.

2024-жылдын январындагы маалымат боюнча, Тажикстандын түрмөлөрүндө 13,5 миңден ашуун киши отурган. Бирок 2025-жылга карата расмий маалыматтар жарыялана элек.

Чет өлкөдө жүргөн оппозиция жана эл аралык уюмдар Тажикстан бийлигин көп сандагы адамдарды, анын ичинде оппозиция өкүлдөрүн, жарандык активисттерди, журналисттерди жана адвокаттарды узак мөөнөткө түрмөгө отургузуп жатканы үчүн дайыма сындап келишет. Бул жолку мунапыс саясий туткундарга да тиешелүүбү же жокпу, белгисиз.

АКШнын Мамлекеттик департаменти 2024-жылдын апрелинде Тажикстандагы түрмөлөр “абдан толуп кетишин” олуттуу көйгөй катары белгилеген.

Шерине

XS
SM
MD
LG