Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Журналист Мамыркулованы бошотууга чакырган кайрылуу бийликке жолдонду


Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

Кыргызстандагы укук коргоочу, активист, журналисттер 21-мартта президенти Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Уланбек Ниязбековго ачык кайрылуу жолдошту. 60тан ашуун кишинин аты-жөнү жазылганкайрылууда 20-мартта камалган журналист, активист Канышай Мамыркулованы бошотуу чакырыгы жазылган.

"Журналистти камакта кармоо Конституцияда кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда. Ырас, Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун элибиз көрүп, билип турат", - деп жазылган анда.

Кайрылуу ээлери "эгер мыйзам алкагында кандайдыр бир чекилик кеткен болсо, жалгыз бой энени үй камагына чыгарып, териштирүү иштерин жүргүзсө болот" деп белгилешкен.

49 жаштагы Канышай Мамыркулованы үйүнөн милиция кармап кеткени 20-мартта белгилүү болгон. Жакындары милиция кызматкерлери кардар катары анын үйүнө барып, күч менен алып кетишкенин айтышкан. Кийинчерээк адвокат Нурбек Сыдыков Мамыркулова 48 саатка камакка алынганын “Азаттыкка” кабарлаган.

ИИМ Канышай Мамыркулова "массалык башамаландыкка чакырыкка" жана "улут аралык кастыкка" шектелип кармалганы тууралуу маалыматты ушул күнү түндө таратты. Соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесине ылайык ("Массалык баш аламандыктар") иш козголуп, Мамыркулова Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына камалганын маалымдаган.

Буга чейин бир катар маалымат каражаттарында иштеген Мамыркулова соңку жылдары эркин журналист катары соцтармактарда активдүү болуп, коомдук-саясий окуяларга пикирин билдирип, бийликтин айрым иштерин кескин сындап турган.

Анын кармалышына байланыштуу журналисттер, айрым саясатчылар тынчсыздануусун билдирип, соцтармактарда кызуу талкууланууда. Алар журналисттин ден соолугун начар экенин жазышып, үй камагына чыгарууну бийликтен талап кылып жатышат.

Бийлик жана күч органдарынын жетекчилери кайрылууларга комментарий бере элек.


Шерине

XS
SM
MD
LG