Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Орунбеков "Элкат" мамлекетке өткөнүн, Бакиев кайтарылса кылмыштуу иштер ачылышы мүмкүндүгүн айтты


Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

2025-жылдын 20-мартында Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “Элкат” жоопкерчилиги чектелген коому 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлдү.

Бул тууралуу Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков 21-мартта Фейсбуктагы баракчасында жазды.

"2007-жылы мурдагы Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Закирали, Шмелев Сергей, Левинец Константин жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу Президенттин иш башкармалыгы “Элкаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылган. Максим Бакиевдин жогорудагы адамдарынын колуна өтүп кеткен. Ошондон тартып, 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “Элкат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин деле убактылуу өкмөт “Элкатты” кайра мамлекетке кайтарууга аракет кылган эмес. “Элкатка” байланышкан факты Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкты. Эгерде ал маалымат бербегенде, “Элкат” дагы деле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калмак", - деп жазды Орунбеков.

Ал Ширшовдун дагы бир маалыматынын негизинде Франциянын түштүк-чыгышында Максим Бакиевге тиешелүү “Шато де ла Гаруп” (“Château De La Garoupe”) вилласы аныкталганын кошумчалады.

"Бул мүлктү Максим Бакиев убагында өнөктөшү Борис Абрамович Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин, Максим Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган. Кыргыз өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө".

Дайырбек Орунбеков 2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн экенин, эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, дал ушундай кылмыштуу иштердин да бети ачылышы, банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле убактылуу өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымалдыгын жазган.

Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар экенин, буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга кайтарылып, андан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча баалуу маалыматтар алынганын белгилеген.

2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын санаалашы катары белгилүү болгон жана энергетика тармагындагы коррупцияга байланыштуу аты аталып келген Алексей Ширшов 2023-жылы жазында камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду 3-апрелге чейин камакка алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылган.

Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий берген эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG