Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Трамп Билим берүү департаментин жоюу жөнүндө жарлыкка кол койду


Трамп, Ак үй. 20-март, 2025-жыл
Трамп, Ак үй. 20-март, 2025-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп 20-мартта Ак үйдө окуучулар, мугалимдер катышкан иш-чарада федералдык Билим берүү департаментин (DoE) жоюу аракетин баштоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Трамп президенттикке ат салышып жаткан маалда аталган департаментти жое турганын убада берген.

Жарлыкка ылайык, билим берүү тармагын башкаруу милдети штаттар менен жергиликтүү кеңештерге берилет.

Мекемени толук жабуу үчүн Конгресстин чечими керек. Reuters Трамптын жарлыгы ишке ашуусу үчүн мыйзам чыгаруучулардын добушу жетпей калышы ыктымалдыгын жазды.

"Биз билим берүүнү кайра штаттарга кайтарууну көздөп жатабыз, тармак ошол жакта болушу керек", - деген Трамп өз чечими туура экенин жана тез арада аткарылышы зарылдыгын кошумчалады.

Ак үй департаменттин жоюлушу менен окуучулардын тестирлөөдөн алган жыйынтыктары жакшырып, акчаны үнөмдөйт деп белгилеп жатат.

Демократтар жана жарлыкка каршы чыккандар мындай кадам аялуу катмардагы студенттерди, анын ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын, мүмкүнчүлүгү чектелгендерди оор абалга кептей турганын айтышат.

Өткөн аптада Билим берүү департаменти кызматкерлеринин дээрлик жарымы иштен кетип жатканын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG