Бишкектеги эски аянттагы Нооруз майрамы “Кел, куттуу Ноорузум” деген театралдаштырылган оюн-зоок менен башталды.
Шаар мэри Айбек Жунушалиев куттуктоо сөз сүйлөп, майрам концерт менен коштолуп жатат.
Аянтта кыргыз элинин каада-салты, үрп-адатын чагылдырган оюн-зооктор уюштурулган.
Оштун башкы аянтында Нооруз майрамы президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүүдө. Ал куттуктоо сөзүндө кыргыз-тажик чек ара келишимине токтолуп, аны "чоң жетишкендик" катары айтты.
31-мартта Өзбекстан жана Тажикстандын башчылары жолуга турганын билдирди. Ошто да майрам оюн-зооктор, концерт менен коштолду.
Ушундай эле Нооруз майрамы жер-жерлерде да белгиленүүдө. (DSh)
Шерине