Евробиримдиктин лидерлери Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү улантууну убада кылышты.
Шаркетке мүчө мамлекеттин лидерлери 20-21-март күндөрү Брюсселде чогулуп, саммиттин жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алышат деп күтүлүүдө. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттеринин колуна тийген документте: "Евробиримдик жана анын өнөктөштөрү Украинага жана анын элине комплекстүү жардам көрсөтүүнү улантат. Бул – Украинанын өзүн-өзү коргоо укугун ишке ашыруусун камсыз кылуу үчүн зарыл", – деп белгиленген.
Брюсселдеги саммит АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн эки күн өткөндөн кийин өтүүдө. Алар энергетикалык инфраструктурага соккуларды 30 күнгө токтотууну макулдашкан. Телефон сүйлөшүүдөн бир нече саат өтпөй, орус армиясынын дрондору Украинанын Днепропетров облусунда темир жол тутумуна байланышкан энергетикалык объектилерди бутага алганы маалым болду.
Евробиримдиктин декларациясы 27 мүчө мамлекеттин бир добуштан макулдугун талап кылат. Бирок дипломатиялык булактар билдиргендей, Кремль менен жылуу мамиледеги Венгрия бул документти колдоодон баш тартышы мүмкүн. Ушундай эле жагдай марттын башында өткөн Евробиримдиктин саммитинде да катталган.
Андан тышкары шаркетке мүчө мамлекеттер билдиргендей, Бельгияда Москванын 200 миллиард еврого жакын активдери камакка алынган жана алар "Орусия Украинага каршы агрессиялык согушун токтотуп, келтирилген зыян үчүн компенсация төлөгөнгө чейин" камакта калат.
Шерине