Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Чолпон-Атанын мурдагы мэри уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шектелип кармалды


УКМКнын имараты
УКМКнын имараты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэри С.Т.К. Камчыбек Асанбектин (Камчы Көлбаев - ред.) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоого шектелип кармалганын 20-мартта кабарлап, анын көзү жабылган сүрөтүн жарыялады.

УКМКнын маалыматына караганда, "Потап" лакап аты менен белгилүү С.Т.К. уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн каржылоо жана кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган.

Атайын кызмат шектүү Камчыбек Көлбаев менен жакын мамиледе болгондугун, анын бизнес долбоорлорун андан ары илгерилетүү максатында мэр болуп дайындалганын белгиледи.

"Мындан тышкары С.Т.К. криминалдык чөйрөдөгү абалын пайдаланып, айрым адамдарга жана ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүп, ал үчүн акча каражаттарын алган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү 13-мартта кармалып, Октябрь сотунун токтомунун негизинде Бишкектеги №21 тергөө мекемесине (СИЗО-1) киргизилген.

Атайын кызмат тараткан маалыматтагы С.Т.К. инициалы Талант Сарбагышевге туура келет, көзү жабылган сүрөт да ага таандык. Ал Чолпон-Атага мэр болуп 2018-жылы октябрда шаардык кеңештеги депутаттардын көпчүлүк добушу менен шайланып, 2020-жылы кызматтан кеткен.

Сарбагышевдин жакындары, адвокаттары маалымат бере элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн жана ал мыйзамсыз тапкан делген мүлкү мамлекетке алынган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG