Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Спикер Тургунбек уулу көчө аталыштарын мамлекеттик тилде жазууну сунуштады


Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Тургунбек уулу Бишкектеги көчөлөрдүн аталыштарын мамлекеттик тилде жазууну сунуштады. Бул тууралуу ал 20-мартта парламент жыйынында белгилеп, Министрлер кабинети менен мэрияга тапшырма берилиши керек экенин айтты. Төрага айрымдар көчө аталыштарын туура эмес айтып жатат деп сынга алды.

"Бобор калаадагы бир топ чоң көчөлөргө, проспектилерге кыргыздын улуу инсандарынын ысымдары берилген. Мисалы Ахунбаев көчөсүн бардыгыбыз Ахунбаева деп айтабыз. Бул туура эмес. Токтогул көчөсүн Токтогула, Абдымомунова, Токомбаева, Токтоналиева, Масалиева көчөсү дейбиз. Ушул туура эмес да. "Масалиевадан жолугабыз, Ахунбаевага бара бер, Токтогулада турат" деп сүйлөйбүз. Ушуну туура айтсак. Министрлер кабинетине, шаар мэриясына тапшырма катары эле айтайын, бардык көчөлөрдүн аталышы мамлекеттик тилде жазылышы керек", - деди Тургунбек уулу.

Буга чейин шаардагы айрым көчөлөрдүн аталышы ката жазылганы коомчулуктун сынына кабылган. Бишкекте көчөлөрдүн дээрлик 12 пайызынын аталышы жок экени айтылган.

Жалпысынан республика боюнча көчөлөрдүн 5% аталышы жок. Эң көбү Бишкекте. Ош облусунда – 9, Талас жана Баткен облустарында – 6,7% экени белгиленген.

Ал эми аталышы бар, бирок жазуусу жок көчөлөр дээрлик 33% түзөт. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG