Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Зеленский Трамп менен телефондон сүйлөшөрүн билдирди


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Американын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү кайым айтышуу учурунда. 28-февраль, 2025-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Американын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү кайым айтышуу учурунда. 28-февраль, 2025-жыл.

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефондон сүйлөшөрүн жарыялады. Анын айтымында, бул сүйлөшүү 19-мартта өтөт.

18-мартта Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинада 30 күнгө ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөшкөн.

"Биз Трамп менен кийинки кадамдардын деталдарын талкуулайбыз деп ойлойм. Анын Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайын угам деп күтөм", – деп билдирген Зеленский "РБК-Украина" басылмасына.

Анын айтымында, тараптар эң биринчи "шартсыз" ок атышууну токтотууну талкуулап, андан кийин татаал маселелерге өтүшү керек.

"Аймактар боюнча маселелер, балким, болочок сүйлөшүүлөрдө эң сезимтал жана татаал темалардын бири болот", – деп белгиледи Зеленский.

Орусиянын 30 күндүк тыныгуу учурунда Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жана чалгындоо маалыматтарын берүү токтотулушу керек деген талабы боюнча Зеленский мындай деп жооп берди:

"Путин бул чабуулдар тууралуу биз билбей калуубузду, биздин адамдар бомбага каршы баш калкалоочу жайларга барбай калуусун каалайт. Бул согуш уланууда дегенди билдирет. Ошондуктан, мен Украинага жардам боюнча кандайдыр бир жеңилдиктерге баруунун кажети жок деп эсептейм. Тескерисинче, жардамды күчөтүү керек, анткени бул Украина Орусия тараптан күтүлбөгөн окуялардын болушуна даяр экенин көрсөтөт", – деп билдирди Украинанын президенти.

Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийин биринчи жолу телефондон сүйлөшөт.

Ак үйдүн билдирүүсүнө ылайык, "президент Трамп жана президент Путин Украинада тынчтык орнотуу жана ок атышууну токтотуу зарылдыгы жөнүндө сүйлөшкөн".

Ошондой эле, "тынчтыкты орнотууга болгон кадамдар" алгач энергетикалык инфраструктурага соккуларды токтотуудан жана Кара деңизде ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдөн башталары белгиленген.

Кремлдин маалыматына караганда, орус тарап Украинадагы энергетикалык объектилерди 30 күн аткылабоо боюнча Американын сунушун колдогон.

Кремль ошондой эле Путин "чет өлкөлөрдүн Украинага аскердик жардамын жана чалгын маалыматтарын берүүсүн толук токтотуу, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салуунун негизги шарты" катары талап кылганын билдирди.

Анткен менен Трамп кечээги телефондук сүйлөшүү учурунда Владимир Путин менен АКШнын Украинага аскердик жардам көрсөтүүсүн токтотуу маселеси талкууланбаганын айтты.

"Биз көп нерсени сүйлөштүк, бирок жардам маселеси талкууланган жок", – деди ал.

Шерине

XS
SM
MD
LG