Бишкекте 17 жаштагы уланды катуу ылдамдыкта сүзүп кеткен айдоочу кармалып, тергөө абагына киргизилди.
Мындай маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы таратты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 24-февралда болжол менен кечки саат 21:00дө болгон. 17 жаштагы К.Д. Асылкеч көчөсү тараптан скутер менен келип, Жайыл-Баатыр көчөсүнөн батышка карай бурулуп жатканда БМВ-740 үлгүсүндөгү жеңил автоунаа сүзүп кеткен.
Автоунааны 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран башкарып бараткан. Скутерчи жаш жигит кырсык болгон жерде жан берген.
Укук коргоо органдары факты Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү (“Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу”) менен каттоого алынганын кабарлады.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, 2024-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. Соңку эки жылда мас абалында машина айдаган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылган. ((KbA)
Шерине