Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкекте жыл башынан бери коомдук транспорттун катышуусунда 34 жол кырсыгы катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, андан бир адам каза болуп, дагы 50 киши ар кандай жаракат алган.
Ушул күндөрү борбордо “Коомдук транспорт” аталышындагы рейд өтүп жатат. Кайгуул кызматкерлери жол эрежелерин бузган автобус айдоочуларына протокол толтуруп, аялдамаларды автобуска жүргүнчү салуу жана түшүрүү үчүн тазалап, шарт түзүп берүүдө.
“Бишкекшаартранс” муниципалдык ишканасынын маалыматында, муниципалитеттин балансында 1 407 автобус бар. Шаар боюнча жалпысынан 58 каттамдык линия тейленип, күнүгө 1 200 автобус жолго чыгат. Мекеме 2024-жылы 538 автобустун айдоочусу жол эрежесин бузгандыгы үчүн “кара тизмеге” киргизилгенин билдирген. (BTo)
Шерине