Кыргызстанда соңку эки жылда мас абалында машина айдаган 17 928 айдоочу унаа башкаруу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу 26-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
Маалыматка караганда, мас айдоочуларга 17 500 сом айып пул салуу жазасы бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу тууралуу берене менен алмашылган. Бул беренеге туш болгондор бир жыл машина айдай албайт.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мас болуп автоунаа айдагандарга жазаны күчөтүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, мас абалында рулга отурган айдоочу унаа башкаруу укугунан эки жылга чейин ажыратылат. Эгерде экинчи жолу рулга мас болуп отурса, айдоочулук күбөлүктөн төрт жылга ажыратылат. Андан тышкары автоунаасы убактылуу мамлекетке алынат.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда айтылгандай, наркологияга баруудан баш тарткан айдоочулар эки жылга чейин рулга отура албайт.
Кыргызстанда мас болуп машине айдагандардын айынан адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталган окуялар бар.
Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыр өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталган. Андан 640 адам каза болуп, дагы 9 миңге жакыны жаракат алган. (КЕ)
Шерине