Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу USAGM агенттигин сотко берди


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун студиясы
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун студиясы

"Эркин Европа/Азаттык" радиосу АКШнын дүйнөлүк медиа агенттигин (USAGM) жана уюмдун кызмат адамдары Кэри Лейк менен Виктор Моралести сотко берди. Буга алардын "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иши үчүн бөлүнгөн, АКШ Конгресси жактырган грантка бөгөт коюп жатканы негиз болду.

Сотко жолдонгон арызда Конгресс бөлгөн каражатты берүүнү токтотуу Конституция баштаган федералдык мыйзамдарды бузары белгиленген.

14-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка кол койгон. Анын ичинде "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген USAGM до болгон. Мындан көп узабай агенттик бул радиого Конгресс жактырган каражат берилбейт деген чечим чыгарганы белгилүү болгон.

15-мартта "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус "гранттык келишимди токтотуу - Американын душмандарына чоң белек болмоктугун" белгиледи.

USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын өкмөттүк агенттиги.

Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылкы бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа/Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын уктуруулар кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы уктуруулар тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.

Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады

Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.

Эл аралык басма сөз институту (IPI), Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Улуттук пресс-клуб, "Чек арасыз кабарчылар" "Эркин Европа/Азаттык" радиосун жана жабылуу коркунучуна кабылган америкалык башка маалымат каражаттарын коргогон билдирүүлөрдү таратышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG