АКШ президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү.
Ак үй тараткан билдирүүгө ылайык, жетекчилер Украинадагы согушту токтотуу зарылчылыгын талкуулашты. Лидерлер жаңжал бекем тынчтык менен аякташы керек деген орток пикирге келишти жана АКШ менен Орусия ортосундагы алакаларды жакшыртуунун маанисин белгилешти.
Билдирүүдө президенттер тынчтыкка карай жол энергетикалык инфраструктура жайларына соккуларды убактылуу токтотуудан башталарын, Кара деңизде ок атууга чекит коюуну талкуулаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү макулдашканы айтылат.
Кремлдин сайты Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнүн жыйнытыгын басып чыгарды. Ага ылайык, орус президенти Трамптын 30 күнгө энергетикалык инфраструктураны бутага алуу сунушуна макул болду.
«Согушка чекит коё аларыбызды талкуулайбыз. Балким токтото алабыз, балким жок. Бирок жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм», - деп айткан Трамп 16-мартта.
Ал сөз «жер» жана «электр станциялар» тууралуу болорун кошумчалаган.
Bloomberg Путин 30 күндүк жарашуу маалында Украинага курал-жарак бербөөнү талап кыларын жазган.
Орусиялык жогорку өкүлдөрдүн бири Москва Украина НАТОго кирбеши керек деген шартты жактай берерин айтты. Киев бул талапты четке кагып келатат.
Өткөн жумада Украина Жиддадагы сүйлөшүүлөрдө АКШнын ок атууну убактылуу токтотуу сунушуна көнгөн.
Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок Москванын "бир катар жагдайлары" бар экенин белгилеген.
Кийин Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стивен Уиткофф Москвага барып орус жетекчилигин долбоор менен тааныштырган. Дипломат Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындашып жатат”, Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калганын айткан.
Bloomberg жазганына караганда, орус президенти Уиткофф менен кездешүүдө ок атууну убактылуу токтотуу келишимине кол коюу үчүн Украинага курал-жарак берилбейт деген милдеттүү шарт койгон.
Агенттиктин европалык булагы Европа Орусиянын курал-жарак менен камсыздоону токтотуу талабына Европа көнөбү же жокпу күмөн санаганын айтты. Анын айтымында, Орусия жарашуу маалында куралданып, Киев андай мүмкүнчүлүктөн ажырап калат деген кооптонуу бар.
Путин АКШ президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүү алдында Украинадагы согушка чекит коюу келишиминин көп элементтери макулдашылганын айткан.
Шерине