Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Эл аралык Олимпиада комитети боксту 2028-жылкы Олимпиадага киргизүүнү сунуш кылды


Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарында
Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимп оюндарында

Эл аралык Олимпиада комитетинин (IOC) аткаруучу кеңеши боксту 2028-жылкы жайкы Олимпиаданын программасына киргизүүнү сунуш кылды. Өткөн айда комитет Дүйнөлүк бокс уюмун таанып, муну менен спорттун бул түрүн Лос-Анжелес оюндарына камтууга жол ачылган.

Эми маселе үстүбүздөгү аптада Эл аралык комитеттин Грециядагы сессиясында каралмакчы.

2024-жылкы Париж оюндарында бокс боюнча мелдештерди IOC өзү уюштурган. Ага чейин комитет Эл аралык бокс ассоциациясын (IBA) "реформаларды жүргүзө алган жок" деп, андан ары тааныбай турганын билдирген. Бокс андыктан эмки Олимпиаданын баштапкы планына кирбей калган.

Эки уюмдун ортосундагы ансыз да чыңалып турган мамиле 2020-жылы ассоциациянын жетекчилигине Орусиянын Бокс федерациясынын башчысы, орус президенти Владимир Путинге жакын Умар Кремлев келгенден кийин кескин начарлап кетти. Умар Кремлев Эл аралык Олимпиада комитетин катуу сындап келет.

2023-жылы апрелде World Boxing уюму түзүлгөн. Былтыр күзүндө Кыргызстан ага мүчө болуп кирди.

Эл аралык олимпиада комитети билдиргендей, Лос-Анжелестеги мелдештерге улуттук федерациялары оюндарга иргеп алуу беттешүүлөрү башталгыча World Boxing уюмуна кирген өклөлөрдүн спортчулары катыша алат.



Шерине

XS
SM
MD
LG