Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Түндүк Македониянын баш прокурору өрт чыккан түнкү клубда бир катар эрежелер бузулганын билдирди


Түндүк Македонияда өрттө каза тапкандарга таазим этишти. 17-март 2025-жыл
Түндүк Македонияда өрттө каза тапкандарга таазим этишти. 17-март 2025-жыл

Түндүк Македониянын баш прокурору өрт чыккан түнкү клубда бир катар эрежелер бузулганын билдирди. Жекшембиге караган түнү Кочани шаарындагы эл көп барган түнкү клубда концерт маалында өрт тутанып, кеминде 59 киши каза тапты, 150дөн ашууну жабыркады.

Люпко Кочевскинин айтымында, клубда бир эле авариялык чыгыш бар экени, ал концерт маалында жабык турганы, өрт өчүргөн аспаптар, өрт тууралуу эскерткен сигнализация жок болгону аныкталды. Андан тышкары шып тез күйгөн материалдардан, дубалдары гипсокартондон жасалган.

Өрт тутанганда ичиндегилер жападан-жалгыз эшикке чуркаган.

Маалымат каражаттары клуб мурдагы килем кампасында жайгашканын жазышууда.

"Рейтер" жазганына караганда, дүйшөмбүдө жергиликтүү оорукананын жанында жакындарын аныктоо үчүн ДНК материалын тапшыргандар кезекте турду.

Бийлик трагедияга байланыштуу 20 кишини кармады, арасында лицензияны мыйзамсыз берген деп шектелген өкмөттүн өкүлдөрү жана клубдун жетекчилери бар.

Кочевски анын кеңсеси кармалгандардын “коомдук коопсуздукка каршы оор кылмыш” үчүн жоопкерчилигин аныктоонун үстүнөн иштеп жатканын билдирди.

17-марттан тарта өлкөдө бир жумага аза күтүү жарыяланды.


Шерине

XS
SM
MD
LG