Тбилисинин соту Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини 2021-жылы "чек арадан мыйзамсыз өткөнү" үчүн 4,5 жылга абакка кести. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, экс-президент сот жараянына катышкан жок
2021-жылдын 1-октябрында Саакашвили 8 жылдан кийин мекенине кайтып барганда тартип коргоочулар аны "чек арадан мыйзамсыз өттү" деген негизде кармаган.
Грузиянын тергөө органдарынын маалыматына ылайык, мурдагы мамлекет башчы Украинанын Черноморск шаарынан Поти портуна багыт алган «Вильнюс» кемесинин бортунда болчу. 29-сентябрга караган түнү кеме портко жетип, кийин ал жактан сүт азыктары жүктөлгөн трейлер чыккан. Анын ичинде Саакашвили отурган.
Өткөн жумада баш калаанын соту Саакашвилини бюжеттик каражаттарды кымырып алуу иши боюнча тогуз жылга эркинен ажыраткан. Айыптоонун версиясына караганда ал 9 миллион лари же болжол менен 3,2 миллион доллар уурдаган деп табылды.
Буга чейин экс-президент кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген кине менен сыртынан алты жылга соттолгон.
Судьянын түшүндүрмөсүнө ылайык, калган үч жыл алты айдын ордуна Саакашвили дагы алты жыл алты ай түрмөдө жазасын өтөш керек.
Өкүм чыгарылган учурда сот залында нааразылык сөздөрү жана кыйкырык-сүрөөн жаңырып турду. Көпчүлүк сотту "Бидзинанын кулу" деп атап, бул чечим "Грузин кыялы" башкаруучу партиясынын жана анын расмий эмес лидери, олигарх Бидзина Иванишвилинин кызыкчылыгын көздөп чыгарылганын белгилеп жатышты. Андан соң айрымдар сот залынан чыгарылды.
Саакашвилинин коргоочулары, мурдагы бийликтеги "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы жана башка оппозициялык топтор бул ишти жана чыгарылган чечимди саясий жактан негизделген деп эсептешет.
Саакашвили 2004-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. Ал экинчи президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен cоң мекенинде бир нече кылмыш иши козголгон. Алардын арасында 2007-жылдын ноябрында оппозициялык акцияны таратууда кызматтык ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдалануу, "Имеди" телеканалын басып алуу жана анын негиздөөчүсү Бадри Патаркацишвилинин мүлкүн тартып алуу, бюджеттик каражаттарды кымырып алуу, Грузиянын Бирдиктүү банкынын кызматкери Сандро Гиргвлианини өлтүрүүнү уюштуруу деген сыяктуу айыптар бар эле.
2018-жылдын январында Тбилиси шаардык соту мурдагы президентти "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп таап, үч жылга эркинен ажыраткан. Андан кийин ошол эле сот Саакашвилини парламент мүчөсү Валерия Гелашвилиге "кол салууну уюштурган" деп таап, дагы алты жылга кескен.
2021-жылдын 1-октябрынан бери түрмөдө отурган саясатчы бир нече жолу ачкачылык жарыялап, ден соолугу начарлап кеткенине даттанган.
Шерине