АКШнын президенти Дональд Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путин менен 18-мартта сүйлөшөрүн билдирди. "Рейтер" агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу америкалык лидер Флоридадан Вашингтонго бараткан учакта журналисттерге айтты.
«Согушка чекит коё аларыбызды талкуулайбыз. Балким токтото алабыз, балким жок. Бирок жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар деп ойлойм», - деп билдирди Трамп.
Ал сөз «жер» жана «электр станциялар» тууралуу болорун кошумчалады. БиБиСи кеп Запорожье АЭСи жөнүндө болуп жатканын жазды.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки президенттин телефон сүйлөшүүсү 18-мартка пландалганын бышыктады. Бирок күн тартибин ачыктаган жок.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио CBS телеканалына берген интервьюда Украинадагы согушту жөнгө салууда эки план бар экенин билдирди.
“А планында Б планына өтүү үчүн ок атууну токтотуу, экинчи баскычта тараптарды сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузуу каралган”, - деп айткан Рубио экинчи фазада “чөлмөк дипломатиясы талап кылынышы мүмкүн” деп кошумчалады.
Рубио экинчи баскыч согушту эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен түбөлүккө токтотуу жолун табууну көздөөрүн белгиледи.
Жекшембиде Ак үйдүн Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стивен Уиткофф америкалык лидердин Путин менен Украинадагы согушту токтотуу жана ыктымал жарашууга арналган сүйлөшүүсү үстүбүздөгү аптада болорун айткан.
Дипломат буга чейин украиналык делегация менен Сауд Арабиясында сүйлөшүүлөргө катышкан, андан кийин Москвага барып орус жетекчилигин сунуш менен тааныштырган.
Анын пикиринде, Вашингтон менен Москванын позициялары “жакындашып жатат”.
Уиткофф Орусия президенти менен бир нече саат сүйлөшкөн жана ал Путин Украинадагы ок атышууну токтотуу зарылдыгы боюнча Трамптын “философиясын кабыл алат” деген таасирде калган.
Анын сөзүнө караганда, жакынкы апталарда бул боюнча кандайдыр бир макулдашуулар болушу мүмкүн.
Өткөн жумада Жиддадагы америка-украин жолугушуусунда Киев Орусия менен 30 күндүк (мөөнөттү узартуу мүмкүнчүлүгү менен кошо) жалпы куралдуу жаңжалды токтотуу тууралуу АКШнын сунушун колдогон.
Путин бул демилгени биротоло четке каккан жок, бирок Москванын "бир катар жагдайлары" бар экенин белгилеген.
Учурда тараптар ок атышууну токтотуу боюнча эч кандай келишимге жетише элек жана Украинада согуш уланып жатат. Киевде орус бийлигин тынчтык келишимине жана жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууга баргысы келбейт деп айыпташууда.
Шерине