Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:27

Министрлик тарыхый-маданий объектилерди 49 жылга чейин ижарага берүүнү сунуштады


Тарыхый-маданий мурастардын тизмесине кирген Жогорку Соттун имараты.
Тарыхый-маданий мурастардын тизмесине кирген Жогорку Соттун имараты.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу документ 15-марттан тарта коомдук талкууга коюлду.

Долбоордо жеке жана юридикалык жактарга эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик мекеме менен макулдашуу аркылуу 15 жылга пайдаланууга берүү сунушталууда. Азыркы мыйзамда бул мөөнөт беш жыл деп көрсөтүлгөн.

Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен жеке жана юридикалык жактар келишим түзгөндөн кийин аларга “тарых жана маданият эстелигин пайдалануучу” макамы берилет. Ошондой эле эстеликтерди коргоо жана пайдалануу боюнча мыйзамда каралган бардык милдеттенмелерди өзүнө алат.

“Тарыхый-маданий мурас объектилерин пайдалануучулардан түшкөн каражат тарых жана маданият эстеликтерин сактоого, коргоого, реставрациялоого жана пайдаланууга багытталат”, - деп жазылган маалыматта.

Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өкмөт менен инвестициялык долбоорлорду, макулдашууларды ишке ашыруу учурунда тарыхый-маданий мурастарды 49 жылга пайдаланууга берүү сунушталууда. Бирок бул талап археологиялык эстеликтерге жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий мурас объектилерине тиешелүү эмес.

Республикалык маанидеги тарых жана маданият эстелигин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө, жоготууга Министрлер кабинетинин чечими боюнча уруксат берилет. Ал эми жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери үчүн жергиликтүү бийлик органдары уруксат берет. Ошондой эле эстелик табигый кырсыктан улам бузулса же эскилиги жетип, толугу менен жок болсо, мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүлөт. Анын кортундусунун негизинде бузууга, жылдырууга, кайра курууга же жок кылууга жол берилет.

Буга чейин Президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.

Бул боюнча президенттин тапшырмасы менен 63 адамдан турган атайын комиссия түзүлгөнүн бул топко кирген тарыхчы Кыяс Молдокасымов “Азаттыкка” билдирген. Комиссия көпчүлүк добуш менен тизмеден чыгарылбасын деген чечим кабыл алганын, ага карабай 17-февралда Ынтымак-Ордодогу жыйында башка протокол бекип калганын айткан.

Бул маселе Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында да көтөрүлүп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул маселе боюнча чечим чыга электигин билдирген.

Тарыхый, маданий мурас деп саналган имараттар “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын негизинде жөнгө салынат. Документке ылайык, бул жайларды тизмеден чыгаруу үчүн өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек.

Шерине

XS
SM
MD
LG