Еврошаркеттин тышкы иштер министрлери Брюсселдеги жыйында Украинадагы согуштан, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан тышкары “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку окуяларда талкуулашмакчы. Бул тууралуу өз кабарчыбыз билдирди.
Жекшембиде Чехиянын башкы дипломаты Ян Липавский “Азаттыктын” жана “Америка абазы” радиолорунун ишмердиги маанилүү экенин, авторитаризм шартында жашаган элдер үчүн “багыт берүүчү жарыкка” айланганын айткан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун баш кеңсеси Прагада жайгашкан. Чехиянын өкүлдөрү Евробиримдиктин калган өлкөлөргө билдирүүнүн долбоорун таратышты. (Анын көчүрмөсү кабарчыбыздын колуна тийген). Документте “темир көшөгө” артындагы адамдарга ондогон жыл бою объективдүү маалымат берип келген медиа уюм азыр да эркин пресса жок же чектелген аймактардагы он миллиондогон кишиге так, көз карандысыз маалымат берип келатканы” айтылат.
Андан ары белгиленгендей, радио европалык коопсуздукка салым кошуп келатат, анын ишин токтотуу “Европанын каршылаштарына жакшы белек болуп калмакчы”.
Долбоордо радионун ишин улантуусу үчүн каражат табуу ниети айтылат. Анын чоо-жайы берилген жок, канча өлкө билдирүүгө кошулары да белгисиз.
Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), Улуттук пресс-клуб, «Чек арасыз кабарчылар» «Азаттык» жана «Америка добушу» радиолорунун коргон билдирүүлөрү жасады.
АКШнын президети Дональд Трамп жети федералдык агенттикте кыскартуу жүргүзүүгө багытталган жарлыкка 14-мартта кол койгон. Анын ичинде "Америка добушу, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун жана башка федералдык медиа уюмдардын ишин тескеген АКШнын дүйнөлүк медиа боюнча агенттиги да бар.
Документте айтылгандай, ар бир агенттиктин башчысы жети күндүн ичинде президенттик администрациянын бюджет башкармалыгына Трамптын буйругу аткарылганын тастыктаган отчет тапшырышы керек. Ошондой эле агенттиктин кайсы бөлүмү "мыйзам боюнча эмнеге жана жана кайсы деңгээлде милдеттүү" экенин түшүндүрүп бериши зарыл.
Жарлык чыккандан бир нече сааттан кийин ABC News каналынын мурдагы журналисти Тара Пальмери агенттикке таандык экени айтылган катты социалдык тармакка жарыялады. Анда “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Конгресс тарабынан бекитилген каржылоосу токтотулгандыгы айтылган.
Бул билдирүүдөн кийин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Стив Капус: "Азаттык радиосунун" (RFE/RL) гранттык келишиминин жокко чыгарылышы Американын душмандарына чоң белек болот", – деп айтты.
"Ирандын аятоллалары, Кытайдын коммунисттик лидерлери, ошондой эле Москва менен Минскидеги автократтар “Эркин Европа/Азаттыктын” 75 жылдык ишмердүүлүгүнөн кийин жабылышын майрамдашат. Каршылаштарыбыздын жеңишине жол берүү – аларды күчтөндүрүп, Американы алсыратуу дегенди билдирет. Иран, Кытай, Москва, Минскидеги автократ лидерлер 75 жылдыгын белгилөө алдында турган "Эркин Европа/Азаттык"радиосунун жабылышын чын дилинен майрамдашмак. Американын душмандарынын жеңиши аларды күчтөндүрүп, Кошмо Штаттарды алсыздандырат", - деп билдирген.
USAGM – жумасына 360 миллиондон ашык адамга 50гө жакын тилде кабар тараткан жаңылык уюмдарын көзөмөлдөгөн АКШнын көз карандысыз өкмөттүк агенттиги.
Агенттик бардык ишмердигин жана капиталдык инвестициясын каржылоо үчүн 2025-жылы АКШнын Конгресси бекиткен бюджеттен 950 миллион доллар бөлүп берүүнү өтүнгөн. Анын курамына "Эркин Европа / Азаттык" радиосу, "Америка добушу", "Эркин Азия" радиосу, Кубанын берүүлөр кеңсеси (Radio Marti), Жакынкы Чыгыштагы берүүлөр тармактары (MBN) жана Ачык технологиялар фонду кирет.
Биринчи президенттик кызматы учурунда Трамп менен агенттиктин ортосунда редакциялык көз карандысыздык жана программалардын багыты боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Трамп экинчи мөөнөткө кайра киришкенден кийин буга чейинки тынчсызданууларын кайра көтөргөн. Ал экинчи президенттик мөөнөтүндө өкмөттүн чыгымдарын кыскартуу үчүн бир нече кадам жасады
Медиа каражаттарын колдогондор аталган агенттикке караштуу уюмдар Америка дипломатиясынын маанилүү куралы экенин айтышат.
Бул буйрук USAGM агенттигинен тышкары Федералдык медиация жана элдештирүү кызматына, Смитсон институтунун Вудро Вильсон атындагы эл аралык илимий борборуна, Музей жана китепкана кызматтары институтуна, АКШнын үй-жайы жоктордун маселеси менен алектенген агенттиктер аралык кеңешине, Коомчулукту өнүктүрүү боюнча каржы институттары фондусуна жана Азчылыктардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүү агенттигине да багытталган.
Шерине