Эл аралык тажрыйба кандай?
Он эки жылдыкка өтүүнүн бир жүйөсү – дүйнөлүк билим мейкиндигине кирүү үчүн зарыл, бүтүрүүчүлөрдүн да өнүккөн өлкөлөрдөн билим алууну улантышына жол кененирээк ачылат деген ишеним.
Интернеттеги маалыматтарга караганда, Европанын айрым өлкөлөрүндө, АКШ, Канада, Израил, Австралия, Кытай, Жапония, Түштүк Корея, Бириккен Араб Эмираттары, Индия, Бразилия жана Кениядагы мектептерде балдар 12 жыл окушат.
Эмне үчүн ушул мөөнөт көп тандалган? Эӊ жөнөкөй себептердин катарында 12 саны экиге, үчкө жана төрткө оӊой бөлүнөрү (ар кайсы өлкөлөрдүн илгерки чен жана акча бирдиги да буга байланышкан), жылдын он эки айдан турганы, жебелүү сааттын четтери ушунчага бөлүнгөнү, дегеле илгери бул сан ыйык деп эсептелгени да айтылат.
Бирок негизги себеп балдардын эрте (5-6 жашында) окуй баштаганына, жаӊы сабактар кошулуп, окутуу мазмуну кыйла кеӊейтилгенине, спорт, чыгармачыл ийримдерге убакыт бөлүү, жогорку класстарда кесиптик жактан кыйла анык багыт берүү зарылдыгына байланышкан. Ошондуктан Германия, Франция, Италия, Британия жана анын системасын кабыл алган Жаӊы Зеландияда окуу 13 жылга созулат да, балдар мектепке алты эмес, беш жашынан бара баштайт. (“Нөлүнчүсүн” кошкондо, АКШда деле ушунча болот. А Францияда мектепке чейинки билим берүү үч жашынан башталарын эске алганда, жалпысынан 15 жылга чаап барат.)
Ырас, мектеп жылдарынын “башталгыч”, “ортоӊку” жана “толук” болуп бөлүнүшү айырмаланат экен. Мисалы, Жапония менен Кытайда 6-класска чейин башталгыч, 3 жыл ортоӊку, дагы 3 жыл жогорку деп эсептелет. Италияда – 5 + 3 + 5, болгондо да үчүнчү баскычында окуу акысын төлөш керек, демек, 8 жылы гана милдеттүү мөөнөткө кирет.
Германияда балдар жөндөмүнө карай Hauptschule, Realschule, Gesamtschule, Gymnasium типтериндеги мектептерге бөлүнөт. Гимназияны (Gymnasium) бүтүргөндөргө ЖОЖго тапшыруу мүмкүнчүлүгүн берген диплом ыйгарылат.
Кошуналарда кандай?
Мурдагы советтик республикалардын ичинен Латвия, Литва, Эстония, Грузия, Армения, Украина, Түркмөнстан да ушул мөөнөттү тандашкан. Беларуста 12 жылдыкка өтүү концепциясы жарыяланып, 1998-жылы ишке ашырыла баштаган. Бирок 2008-жылы реформа токтотулган. Ошондо президент А.Лукашенко окуу мөөнөтүн узартуудан балдар акылдуу болуп кеткен жок, каржылык чыгымы ашыкча дегендей жүйөлөрдү келтирген. Бирок билим берүү жаатында өтө көп өзгөртүүлөрдү жасаган бул өлкөдө он упайлык баалоо тутумунан баш тартпай калышканы да кызык.
Орусия, Молдова, Азербайжан, Өзбекстан жана Тажикстанда мектептер 11 жылдык. Казакстан жакынкы келечекте 12 жылдыкка өтүшү мүмкүн, анткени европалык тажрыйбаны өздөштүрүп, жалпы өлкөгө да жайылтуу мүдөөсүн аркалаган Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде окутуу мөөнөтү ушундай.
Ойлогон ой жакшы
Ырас, он эки жылдыкка өтүү – бул баланын мектептеги окуу мезгилин узартып коюу эле эмес. Ушундай система калыптанган өлкөлөрдөгүдөй окутуунун максатын аныктап, билимдин мазмуну менен сапатын жогорулатууга багыт алуу зарыл. Муну эске албаган шартта реформа үстүрт, формалдуу гана жүргүзүлүп, натыйжасы теӊирден тескери болуп калышы ыктымал.
Кыргызстанда билим берүүнү трансформациялоо боюнча “Алтын казык” мамлекеттик программасынын расмий бет ачары быйыл март айында өткөрүлдү. Анда бала бакча менен камсыздоону 2024-жылы 40% жеткирүү, дүйнөлүк стандартка ылайык окуу китептерди чыгаруу, эӊ алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүү милдеттери каралган.
Октябрдын аягында Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган 12 жылдык окутууга өтүү жөнүндө концепцияны бекитти.
Дүйнөлүк эмгек базарында чоӊ өзгөрүүлөр болот – жасалма интеллект колдонула баштап, көптөгөн адистиктерге суроо-талап кескин кыскарат. Жаӊы кесиптерде STEM көндүмдөрү талап кылынат. Билим берүү системасында формалдуу эмес, иштиктүү реформа жүргүзүү зарылдыгы өтө курчуп баратат. Министр Догдуркүл Кендирбаеванын фейсбуктагы постуна караганда, мунун баарын БИМ баштаган команда жакшы эле түшүнүп тургандай.
STEM – англис тилиндеги “илим, технология, инженерия жана математика” (science, technology, engineering and mathematics) деген сөздөрдүн баш тамгаларынан куралган түшүнүк. Билим берүүдө бул багыт азыркы мезгилде технология жаатындагы билимди колдонуу менен балдарды келечекте эң көп талап кылынган, артыкчылыктуу кесиптерди өздөштүрүү үчүн зарыл боло турган көндүмдөрдү өнүктүрүү үчүн колдонулат.
Мунун STEAM деген вариантында балдардын так илимдер менен чыгармачыл эркиндикти – өнөрдү (A – Arts), б.а. гуманитардык илимдердин ийкемдүү жактарын айкалыштыруу жөндөмү өнүктүрүлөт.
Кыстаган турмушка жеӊдирбеш үчүн...
Бирок жаман айтпай жакшы жок, эгер көздөгөн жакшы максатка жетпей калсак, дүйнөлүк билим берүүдөгү эӊ заманбап, алгылыктуу идеяны биздин коомдо жаманатты кылып коюшубуз да ыктымал. Кыстоого жеӊилип калбашы үчүн ой ар тараптан жетик ойлонулуп, ырааттуу иштер, чечкиндүү кадамдар менен бекемделиши керек.
Азырынча алгачкы кадамдар демдүү болсун деп туралы. Сингапурдун СТЕМ багытындагы окуу китептерин кыргыз жана орус тилдерине которуп, биздин мектептерге ылайыктап чыгаруу аракети башталган (айтмакчы, 2022-жылдагы PISA сынагында Сингапурдун окуучулары эӊ мыкты деп табылган).
Мугалимдер педагогикалык, методикалык, психологиялык китептерди, тест тапшырмаларын, электрондук журнал менен күндөлүктү ж.б. кеӊири колдонуп, кесиптик чеберчиликти жогорулатуучу онлайн курстарга катыша алышы үчүн 25 миӊ ноутбук таратып берилмекчи.
Жакынкы жылдары бакчага барган балдардын катышын 40 пайызга жеткиребиз деген милдет да турат.
Бул жана башка максаттар ишке ашырылышы үчүн биздин мектептердин азыркы эӊ орчундуу маселелерин ырааттуу чечүүгө жалгыз Билим берүү жана илим министрлигинин күчү жетпейт. Улуттук (бүткүл өлкөлүк) маанидеги иштин ийгиликтүү жүрүшүнө бүтүндөй мамлекет, өкмөт түздөн-түз колдоо көрсөтүшү зарыл. Бейөкмөт уюмдардын, жалпы эле жарандык коомдун да бул ишке жигердүү катышуусуна бардык шарттарды түзүү керек. Анткени билим берүүнүн учурдагы жана жакынкы мезгилдеги абалы мамлекеттин тагдырын аныктайт.
Биринчи кезекте мугалимдин эмгек акы өлчөмүн базарда соода кылгандардын, мал багып, эгин айдагандардын же курулушта иштегендердин орточо кирешесине жеткирүү керек. Агай-эжейлер алган айлыгы менен үй-бүлөсүн бага алышы кажет. Аларды өз жумушуна тиешеси жок түйшүктүн баарынан, мисалы, “чоӊдорду” тосуп алуу, мектепти оӊдоп-түзөө, ишембилик өткөрүү, ашыкча кагаз толтуруу ж.б. убарагерчиликтерден бошотуу зарыл. Педагогдордун кесиптик камылгасын арттыруусуна бардык шарттарды түзүп берүү кажет. Ошондо жалпы республикалык тестте эӊ чоӊ упай топтогондор да бул кесипти тандап, эӊ таланттуу, дилгир жаштарды мектепке тартуу мүмкүнчүлүгү ачылат. Ошондо башка эч бир иш колунан келбегени үчүн эле сабак беримиш болуп жүргөндөр мектептен кетет.
Азырынча жагдай канчалык оор экенин баарыбыз билебиз. Мисалы, Бишкектеги мектептердин тардыгынан ашыкча катары менен тизилген ар бир партага үчтөн бала отурат, бир класста 40тан ашык окуучу бар. Мугалим жетишпегендиктен бирден-экиден сабак окутулбай калган мектептер борбор шаарда деле бар...
Мектепте берилүүчү билимдин көлөмү менен мазмунун, окутуу методикасы менен билимди баалоо системасын толугу менен өзгөртүү зарыл. (ПИЗА боюнча алдыӊкы сапка чыгып жүргөн Финляндияда окуу жүктөмү эӊ аз, 2006- жана 2009-жылдары бул эл аралык сынакка катышып, эӊ акыркы орунду ээлеген биздин өлкөдө окуу жүктөмү эӊ оор экендиги белгилүү...)
Эгер сынчыл ой жүгүртүүгө, эркин диалогго, талкууга негизделген усулдар кеӊири колдонула баштаса, мугалимдер койгон баалар менен ЖРТ көрсөткүчтөрүнүн ортосундагы кескин ажырым жоюлат. Б.а. балдар окуганын, укканын түшүнүп, билгенин жакшы айтып-жазып бергидей, билимин практикада, кийин окуусунда пайдалангыдай болот.
Ошондо балдардын жөн гана алган маалыматынын көлөмү эмес, жашоодо жана өз алдынча билим алууну улантууда эӊ керектүү көндүмдөрүн канчалык өздөштүргөнү бааланат.
Жыйынтыктап айтканда, сөз менен иштин ажырымын жоюу айрыкча ушул тармакта зарыл.
Айтмакчы, 9-ноябрда Борбор Азиядагы Америка университетинде “Тоо балдары” коомдук фондунун демилгеси менен билим берүү тармагындагы маселелерди чечүү жолдорун издөө максатында “Мектеп менен демөөрчүнү кантип табыштырабыз?” деген темада абдан жакшы талкуу өткөрүлдү. Анда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдын жаӊы редакциясынан тартып мугалимдерге иштиктүү жардам уюштуруу, азыркы маалымат технологиялар доорунда мектептерди колдоо боюнча жүзөгө ашырылып жаткан мыкты демилгелерге чейин өтө кызыктуу сөз болду.
Шерине